Компьютер негиздери: Компьютериңиздин операциялык тутумун таанып-билүү (Know OS)

Lesson 12: Компьютериңиздин операциялык тутумун таанып-билүү (Know OS)

/en/tr_ky-computer-basics/-first-computer/content/

Компьютериңиздин операциялык тутумун таанып-билүү

Эми сиз компютерди колдонуунун абсолюттук негиздерин үйрөнгөнүңүз соң эми компьютердин операциялвк тутуму тууралуу үйрөнгөнгө убакыт келип жетти. Бул сабакта эки жалпы колдонулган операциялык тутумдарды үйрөнөбүз, алар: Microsoft Windows жана Mac OS X.

Төмөнкү видеону көрүп, Windows колдонуу негиздерин үйрөнүңүз.

Төмөнкү видеону көрүп, Mac OS X колдонуу негиздерин үйрөнүңүз.

Интерфейсти таанып-билүү

Жеке компьютерлер жана Mac компьютерлери да GUI колдонуучунун графикалык интерфейсин колдонот, жана анын ар бири өзүнүн дизайны болот, жана аларды колдонгондо ар кандай сезим келет. Төмөнкү интерактивдер сизге Windows жана Mac интерфейстерин тааныштырат.

Windows интерфейси жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү баскычты басыңыз.

Түзөтүү түйүндөрү Windows иш-тактасы

Mac OS X интерфейси жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү бакычтарды басыңыз.

түзөтүү түйүндөрү OS X иш-тактасы

Сиздер көрүүдө же угууда кыйынчылыкка дуушар болуп жатсаңыз, же баскычтоп жана чычкан менен жакшы иштей албай жатсаңыз, анда бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн, компьютер менен иштөөнү жеңилдетиш үчүн көптөгөн жөндөөлөр бар. Көбүрөөк билүү үчүн, биздин Жеткиликтүүлүк функцияларын колдонуу сабагыбызды караңыз.

Компьютериңиздин файл системасы тууралуу

Кайсы операциялык тутумду пайдаланбаңыз, бары ар кандай файл, программаларды уюштуруу үчүн папкаларды колдонушат. Компьютериңиздеги папка сүрөтчөлөрү ичи толтура файл же сүрөт папкаларындай болуп жасалган.

иш-тактадагы папкалар

Ар бир операциялык тутумдун өзүнүн файл системасы бар, ал файл жана пакаларды табууга жардам берет. Эгер сизде Windows компьютери бар болсо, анда File Explorer (ошондой эле Windows Explorer катары белгилүү) колдоно аласыз. Макинтошто болсо, Finder колдонобуз. Бул жерде компьютер файл системаларына тиешелүү негизги функциялар тууралуу сүйлөшөбүз.

Mac компьютерлери боюнча файл системалары жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн, биздин OS X негиздери үйрөткүчүндөгү файлдар менен иштөө сабагыбызды караңыз. Жеке компьютер файл системалары тууралуу көбүрөөк билүү үчүн биздин Windows негиздери үйрөткүчүбүздөгү Файлдар менен иштөө сабагыбызды карап көрүңүз.

Компьютериңиздин файл системасын ачуу

ЖК же Mac колдонуп жатсаңыз да, файл системасынын сүрөтчөсү экрандын төмөнкү-сол жагында болот. ЖК, File Explorer сүрөтчөсү төмөнкү сүрөттө көрсөтүлгөн папкага окшойт.

Windows 8 скриншоттору

Mac компьютеринде Finder сүрөтчөсү төмөнкү сүрөттө көрсөтүлгөн кишинин жүзүнө окшош.

OS X скриншоттору

Эки операциялык тутумда тең сиз файл системаны иш-тактаңыздагы папканы чыкылдатуу менен ача аласыз.

Негизги багыттоо

Сиз Windows Explorer же Finder колдонуп жатсаңыз да, негизги багыттоо бирдей жол менен иштейт. Сиз каалаган файлды көрсөңүз, аны чычыкан менен кош чыкылдата аласыз. Болбосо, башка жерди тандоо үчүн терезенин сол жагындагы багыттоо панелин колдонууга болот.

Windows 8 скриншоттору

Файлдарды жок кылуу

OS X жана Windows кокустан файлдарды жок кылып салбоо үчүн таштанды кутусун колдонот. Эгер файлды жок кылсаңыз, ал таштанды кутусуна барып түшөт. Эгер оюңузду өзгөртсөңүз сиз файлды кайр ордуна алып келсеңер болот.

Таштандыга файлды сүйрөө

Биротоло файлды жок кылуу үчүн таштанды кутусун бошотуш керек. Бул үчүн, сүрөтчөнүн үстүнөн оң баскычты басып, "Кутуну бошотууну" тандоо керек.

Таштанды кутусун бошотуу

Файл жана программалалрды ачуу

Компьютериңиздеги ар бир программанын ачуу үчүн файл же форматтарынын түрлөрү бар. Эгер файлды кош чыкылдатсаңыз компьютер автоматтык түрдө туура программаны ачуу үчүн колдонот. Биздин мисалда, Microsoft Word документип ачып жатабыз (Chicago Trip Details) ал Microsoft Word программасында ачылат.

файлды ачуу

Бирок, кээ бир учурларда файлды ачпай программанын өзүн ачкыңыз келет.

  • Windows'то программаны ачуу үчүн Start баскычын басыңыз, жана каалаган программаны тандаңыз. Эгер сиз каалаган программа жок болсо Бардык программалар /бардык колдонмолор чыкылдатып, толук тизмени көрүңүз, же программанын атын баскычтоп аркылуу терип, аны издеп таап алыңыз. Төмөнкү масалда биз Internet Explorer ачып жатабыз.
    Internet Explorer ачуу
  • Mac'та программа ачуу үчүн программанын сүрөтүн Dock'тон ачыңыз. Эгер сиз каалаганы көрүнбөй жатса, экрандын жогорку-оң бурчунда жайгашкан Spotlight программасын чыкылдатып, баскычтоп аркылуу каалаган программаңыздын атын жазып, издеңиз. Төмөнкү мисалда, биз Safari ачып жатабыз.
    Dock'то Safari ачуу

Компьютер жөндөөлөрүн тууралоо

Эгер жаңы компьютерди колдонуп баштасаңыз, сиз компьютердин жөндөөлөрүн тууралоодон баштасаңыз болот. Параметрлерди жөнгө салуу үчүн иш-такта фонун алмаштыруудан баштап, коопсуздук же баскычтоп жөндөөлөрүн кароого чейин барат.

  • Windows 10, Start баскычын чыкылдатып, анан Жөндөөлөрдү тандоо.
    Windows 10 Орнотуулар колдонмосун ачуу
  • Windows 8.1 жана андан мурункуларда Start баскычын чыкылдатып, Көзөмөлдөө панелин таап, жана тандаса болот. Көзөмөлдөө панели тууралуу көбүрөөк билүү үчүн биздин Windows негиздериүйрөткүчүндөгү орнотууларыңызды карап чыгуу сабагыбызды карап көрүңүз.
    Көзөмөлдөө панелин ачуу
  • Макинтошто, Apple сүрөтчөсүн чыкылдатып, Система параметрлерин тандаңыз. Система параметрлери тууралуу маалымат алуу үчүн биздин OS X негиздери үйрөткүчүндөгү Орнотууларыңызды тууралоо сабагыбызды караңыз.
    Система параметрлерин ачуу

Компьютерди өчүрүү

Эгер компьютериңизди колдонуп бүтсөңүз, аны туура өчүрүү абдан маанилүү.

  • Windows өчүрүү үчүн, Start баскычын басып, андан кийин Компьютерди өчүрүү менюсун тандаңыз.
    Windows 7 скриншоттору
  • Макинтошту өчүрүү үчүн Apple сүрөтчөсүн чыкылдатып, анан Өчүрүүнү тандаңыз.
    Mac OS X өчүрүү

/en/tr_ky-computer-basics/-connecting-internet/content/