Компьютер негиздери: Атайын мүмкүнчүлүктөр функциялары деген эмне? (Accessibility)

Lesson 23: Атайын мүмкүнчүлүктөр функциялары деген эмне? (Accessibility)

/en/tr_ky-computer-basics/-bringing-files/content/

Атайын мүмкүнчүлүктөр функциялары деген эмне?

Атайын мүмкүнчүлүктөр функциялары менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар технлогияларды жеңил колдоно алышат. Мисалы, кеп синтезатору көзү көрбөгөн адамдарга компьютердеги текстти окуп берет, ал эми кепти таануу функциясы аркылуу колдонуучулар компьютерди өз үнү менен башкара алышат. Бул сабакта, биз кээ бир атайын мүмкүнчүлүктөр функцияларын айтып беребиз. Биз ошондой эле сизге көбүрөөк жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн компьютериңизге кошумча технологияларды талкуулайбыз.

Жалпы мүмкүнчүлүктөр функциялары

Айрым мүмкүнчүлүктөр функциялары атайын программаларды жүктөөнү талап кылышат, калгандары сиздин компьютердин же уюлдук түзмөктүн системасына камтылган. Бул жерде сиздин түзмөктө мурунтан эле бар атайын мүмкүнчүлүктөр функцияларынын бир нече түрү:

  • Сокур же начар көргөн компьютер колдонуучулар үчүн функциялар: Текст синтезатору сыяктуу функциялар экрандагы текстти окубай, угууга шарт түзөт. Башка өзгөчөлүктөр, мисалы жогорку контрасттагы темалар, ирилештирилген курсорлор, көзү жакшы көрбөгөндөргө экранды көрүүгө жардам берет.
  • Дүлөй же начар уккан компьютер колдонуучулары үчүн функциялар: аудиодогу жабык коштомо жазуулар визуалдык түрдө көрүүгү жардам берет. Моно аудио системалары бир кулагы начар уккан адамдар жакшы угушу үчүн гарнитура аркылуу оң жана сол кулакка аудио сигналдарды жөнөтүшөт.
  • Кыймылдары чектелген компьютер колдонуучулар үчүн функциялар:Баскычтоптогу кыска жолдор көп элге ылайыктуу, бирок алар кыймылдары чектелген адамдарга өзгөчө ылайыктуу. Бир нече баскычтарды бир учурда басуудан кыйналган колдонуучулар үчүн, жабышчаак ачкычтар жардам берет, алар ачкычтарды басканда кыска жолдор иштеп баштайт.
атайын мүмкүнчүлүктөр менюсу

Атайын мүмкүнчүлүктөр функцияларын колдонуу

Көптөгөн компьютерлер жана мобилдик түзмөктөр өзүнө камтылган фтфйын мүмкүндүк функциялары менен келет, бирок аларды колдонуп баштоодон мурда - алар күйгүзүлүшү керек. Сиздин түзмөк үчүн бул өзгөчөлүктөрүн кантип табууга болорун карап көрөлү.

  • Windows'то, Жөндөөлөр колдонмосун ачып, Жеңил Мүмкүндүк (Ease of Access) менюсун тандаңыз.
    Windows 10 Жөндөөлөр колдонмосун ачуу
  • OS X'тен система параметрлерин ачыңыз, андан кийин Атайын Мүмкүндүк (Accessibility) менюсун ачыңыз.
    OS X система параметрлерин ачуу
  • Android же iOS колдонгон мобилдик түзмөктөрдө Жөндөөлөр колдонмосун ачып, Атайын Мүмкүндүктөр (Accessibility) бөлүмүн табыңыздар. iOS түзмөктөрүндө Жалпы орнотуулар категориясынын ичиндеги таба аласыз.
    Android түзмөктө жөндөөлөр колдонмосун ачуу

Интернет (Web) мүмкүнчүлүктөрү

Браузерлердин көпчүлүгү да өзүнө камтылган атайын мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат. Сиз эреже катары, браузериңиздин жөндөөлөрүнөн таба аласыз.

Chrome жөндөөлөрүн ачуу

Сиз бул орнотууларды тууралоодон мурун, экранды чоңойтууга аракет кылсаңыз болот. Кичирейтип-чоңойтуп (Zooming) сайттарды жеңил окугандай кылып жөндөсө болот жана ал бардык браузерлерде бирдей иштейт. Эгер сиз Windows'то бир браузерди колдонсоңуз, Ctrl + же Ctrl - аркылуу чоңойтуп, кичиирейтсеңер болот (Ctrl баскычын басып кармап жана + же - басыш керек). Макинтош колдонуп жатсаңыз, анда Command + же Command - бассаңыз болот.

Демейки масштабга кайтуу үчүн, Ctrl + 0 (Ctrl баскычын басып кармап жана нөл баскычын басуу керек). Эгер Mac колдонуп жатсаңыз,Command + 0 басуу керек.

Атайын мүмкүнчүлүктөр атайын программалык камсыздоодо

Атайын мүмкүнчүлүктөр мындан да көп функиялар бар, ал компьютер түрүнө жана колдонгон программаларыңызга жараша болот. Атайын мүмкүнчүлүктөргө көмөк көрсөткөн программалар төмөндөгү ресурстардан көрө аласыз:

  • Microsoft Атайын Мүмкүндүктөрү (Accessibility) : Бул жерде, сиз Windows операциялык тутумундагы жана Microsoft Office Suite мүмкүнчүлүктөр долбоорлору боюнча кабар, ошондой эле жардам беттерин таба аласыз.
  • Apple мүмкүнчүлүгү (Accessibility) : Бул Apple'дин атайын мүмкүнчүлүктөрү камтылган сайт. Ал жерден iPod, iPhone, iPad'дардагы атайын мүмкүнчүлүк функциялары менен таанышыңыз. Бул жерден, атайын функциялар үчүн документтерди таба аласыз.
  • Google Мүмкүндүктөрү : Бул Google'дун Android телефондору жана планшеттери жана Chrome атайын мүмкүндүктөрү үчүн жардам сайты болуп саналат.
  • Firefox Мүмкүндүктөрү функциялары : Бул Mozilla Firefox'тун мүмкүнчүлүктөр функциялары боюнча расмий жардам сайты.
  • AppleVis : Бул Apple өнүмдөрүнүн көзү начар көргөн, же көрбөгөн кардарлары үчүн кеңештер, үйрөткүчтөрдү камтыган, сын-пикирлери бар коомдук сайт.

Көмөкчү технология түзмөктөрү

Сиз буга чейин эле көрүп тургандай, программалар мүмкүнчүлүгү чектелген колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болушу үчүн көп нерсе кыла алат. Бирок, кээ бир атайын мүмкүнчүлүктөр кошумча жабдыктарды, же жардамчы технологияны талап кылат. Көпчүлүк кошумча-технологиялык түзмөктөр баскычтоп жана динамиктерге окшош. Алар негизги компьютерге кошулуучу жабдуулар. Бул жерде сизге туш болчу жардамчы технологиялардын түрлөрү:

  • Экран лупалары: Экран лупалары компьютер мониторунун үстүнө бекийт, жана экрандагы мазмун чоңойтулуп көрсөтүлүп турушун камсыздайт. Бүгүнкү күндө адамдардын көпчүлүгү мазмунду көрүү үчүн экранды чоңойтп-кичирейтип көрүшөт, бирок тышкы лупалар дагы эле бар.
  • Альтернативдүү баскычтоптор: стандарттык баскычтоп аркылуу кыйынчылыкка дуушар болгон адамдар үчүн альтернативдүү варианттар бар. Мисалы, колдонуучулар чоңураак баскычтары бар баскычтоп сатып алуулары мүмкүн. Ошондой эле алтернативдүү баскыч комбинациялары бар баскычтоптор бар,аларды бир кол менен, же манжалар саны чектелген колдор менен колдонсо болот.
  • Кыймылга-ылайыкташтырылган жабдуулар: бул жабдуулар кыймылдары чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу, алар кичине кыймыл аркылуу, дем күчү же баштын кыймылы менен компьютер башкара алышат. Бул жабдуулар менен колдору менен башкара алышпаса дагы компьютер чычканын жана баскычтопту кыймылдар менен башкарышат.
  • Кошумча технологиялык жабдууларды кайдан сатып алууга болот

  • Ablenet:Computer Access: Бул жерде кошумча-технологиялык жабдуулардын бир катарын сатып алууга болот. Ошондой эле түзмөктөрдүн кандай түрлөрү кандай мүмкүндүк чектөөлөргө пайдалуу тууралуу маалымат таба аласыз.
  • Compusult: Мүмкүндүгү чектелген адамдардын компьютер колдонуусу : Compusult жеке адамдар жана юридикалык жактарга жардамчы технологиялыр жана башкаларды сунуш кылат. Ошондой эле ал кошумча технологиясы боюнча окуу курстарын камсыз кылат.
  • Inslusive Technology: Бул жерлен кошумча-технологиялык жабдууларды, ошондой эле билим берүү программасынын K-12 Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн иштелип чыккан технологияларды таба аласыз.

Дагы ресурстар:

  • Alliance for Access to Computing Careers : Бул сайтта мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн курак жай, атайын дизайн жана башка технология жаатында окуган окуучу, мугалимдер үчүн маалымат бар.
  • My Web My Way : Бул сайт Би-Би-Си менен түзүлгөн. Бул жерде сиздин компьютер жеткиликтүү жана колдонууга ыңгайлуу болуусу үчүн орнотуулар боюнча таба аласыз.
  • National Center for Learning Disabilities : Бул жерде мүмкүнчүлүгү чектелгендер, кошумча технологиялар, жумуш жана мектептер кандай саланышы керек тууралуу маалыматты таба аласыз.
  • Tech-Ease 4 All : Бул сайт мугалимдер жана ата-энелер үчүн жасалаган. Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар менен технологиялар жана компьютерди кантип колдонуу керек темалары камтылган.