PowerPoint 2016 Негиздери: PowerPoint менен ишти баштоо

Lesson 1: PowerPoint менен ишти баштоо

PowerPoint менен ишти баштоо

PowerPoint сизге динамикалык слайд презентацияларын түзүүгө мүмкүндүк берүү программасы. Бул презентациялар өзүнө анимацияны, баяндоону, сүрөттөрдү, видеолорду жана башка көп нерселерди камтыйт. Бул сабакта сиз PowerPoint тун айланасында камтылган Тасма, тез табуучу куралдар тилкеси, жана Backstage (сахнанын арткы) көрүнүшү сыяктууларды үйрөнө аласыз.

PowerPoint тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

PowerPoint ту үйрөнүүнү баштадык

PowerPoint 2016 , PowerPoint 2013-жана 2010-жылдардагы PowerPoint ка окшош. Эгер сиз мурда ушул версияларын колдонгон болсоңуз, анда PowerPoint 2016 тааныш болушу керек. Бирок, эгер сиз PowerPoint ту жаңы колдоно баштасаңыз же эски версиялары менен көбүрөөк тажрыйбага ээ болсоңуз, эң биринчиден PowerPoint 2016 интерфейси менен таанышууга бир аз убакыт алуу керек.

PowerPoint интерфейси

Биринчи жолу PowerPointту ачып жатсаңыз, Баштоо экраны пайда болот. Бул жерден, сиз үлгүнү тандап жаңы презентацияны түзүүгө мүмкүнчүлүк аласыз, жана жакында түзөтүлгөн презентацияларга кире аласыз. PowerPoint интерфейсине мүмкүнчүлүк алуу үчүн, баштоо экрандан, ордун аныктап жана бош презентация бетин тандаңыз.

Толтурулбаган презентацияны түзүү

Бул жерде PowerPoint интерфейстин негизги элементтери.

  • Тасма: Тасма PowerPoint тагы жалпы милдеттерди аткаруу үчүн сизге керек бардык буйруктарды камтыйт. Анын бир нече өтмөктөрү бар, ар биринин буйруктары менен бир нече топтору бар.
  • Тез куралдар тилкесине кирүү мүмкүнчүлүгү: Тез куралдар тилкесине кирүү мүмкүнчүлүгү кандай гана табуляция тандалбасын, жалпы буйруктарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет. Сиздин колдонмолоруңузга жараша буйруктарды ылайыкташтыра аласыз.
  • Айтчы мага: Айтчы мага кутучасы издөө тилкеси сыяктуу куралдарды же сиз каалаган буйруктарды колдонууну, тез табууга жардам берүү үчүн иштейт.
  • Microsoft Account: бул жерден, сиз Microsoft аккаунт маалыматыңызга, профилиңизди көрүүгө, жана каттоо эсептерин которуштурууга мүмкүнчүлүк аласыз.
  • Ruler: Башкаруучу жогорку жактагы жана учурдагы слайддын сол жагында жайгашкан. Бул слайддагы текстти жана объекттерди түздөөнү, жеңил кылат.
  • Слайд чабыттоо тактасы: слайд чабыттоо тактасы, слайддар аркылуу презентацияңызды кароого жана түзүүгө мүмкүндүк берет.
  • Слайд Тактасы: Бул жерде, сиз карап жана тандалган слайдды өзгөртө аласыз.
  • Слайд номер-индикатору: Бул жерде сиз презентацияңыздагы слайдтардын толук санын, ошондой эле көрүп жаткан слайдды тез көрө аласыз.
  • Эскертүүлөр: Сиздин учурдагы слайдга эскертүүлөрдү кошуу үчүн эскертүүлөрдү басыңыз. Көп учурда катуу сүйлөткүч эскертүүлөрү деп аталат, алар сиздин презентацияңызды жеткирүүгө же даярдык көрүүгө жардам берет.
  • Комментарийлер: Редакторлор бардык слайдка комментарийлерди калтыра алышат. Учурдагы слайддын комментарийлерин көрүү үчүн Комментарийлерди басыңыз.
  • Слайдды көрүү жолдору: Слайдды көрүүнүн төрт жолу бар. Жөн гана, сиз каалаган көрүнүштү тандоо үчүн буйрукту чыкылдатыңыз.
  • Масштабды башкаруу: Масштабты башкарууну колдонуу үчүн слайдерди басып жана жылдырыңыз. Слайдердин оң жагындагы сан масштабтын пайызын чагылдырат.
  • Тик жана түз жылдыруу тилкеси: Жылдыруу тилкелери сизге өйдө-ылдый же бир жактан башка жакка жылдырууга уруксаат берет. Муну жасаш үчүн, тигинен же туурасынан жылдыруу тилкесин чыкылдатуу менен жылдырыңыз.

PowerPoint чөйрөсүндө иштөө

Тасма жана Тез куралдар тилкесине кирүү мүмкүнчүлүгү сизге PowerPoint жалпы тапшырмаларын аткаруу үчүн буйруктарды таап ала турган жай болуп саналат. Backstage көрүнүшү сизге ар кандай ыкмаларды берет, сактоого, файлды ачууга, басып чыгарууга, жана документтериңизди бөлүшүүгө.

Тасма

PowerPoint традициялык менюнун ордуна Тасма өтмөк системасын колдонот. Тасма көп сандаган өтмөктөрдөн турат, ар бири бир нече буйруктардын топтомдорун камтыйт. Мисалы, Башкы бет өтмөгүндөгү Арип тобу сиздин документтеги тексттерди форматтоо үчүн буйруктарды камтыйт.

Тасмадагы топтор

Кээ бир топтор көбүрөөк мүмкүнчүлүк алыш үчүн, төмөнкү оң бурчунда жайгашкан кичинекей жебени баса аласыз.

Топтордо көбүрөөк тандоолор

Тасманы көрсөтүү жана жашыруу

Бул тасма учурдагы тапшырмаңызга жооп берүү үчүн иштелип чыккан, бирок эгер сиз экрандан өтө көп орунду ээлейт деп тапсаңыз, анда аны минималдаштырууну тандай аласыз. Тасманы чагылдыруучу параметрлер жебесин тасманын жогорку-оң бурчундагы ылдый түшүүчү менюсун көрсөтүп басыңыз.

Тасма көрсөтүү параметрлери
  • Автоматтык жашыруу Тасмасы: Автоматтык-жашыруу, тасмасы толук экран режиминде ойнотот жана толугу менен тасманы жашырат. Тасманы көрсөтүү үчүн, экрандын жогору жагында жайып көрсөтүү Тасма буйругун чыкылдатыңыз.
  • Өтмөктөрдү көрсөтүү: Бул параметр алар колдонулбай турганда, бардык буйрук топторду жашырат, бирок өтмөктөр көрүнүп кала берет. Тасманы көрсөтүү үчүн, жөн гана өтмөктү баыңыз.
  • Өтмөктөрдү көрсөтүү жана Буйруктар: Бул параметр Тасманы чоңойтот. Баардык өтмөктөр жана буйруктар көрүнүп туруш керек. Качан сиз PowerPoint биринчи жолу ачканыңызда жарыяланбаган параметр боюнча тандалат.

Айтчы мага функциясын колдонуу

Эгер сиз каалаган буйрукту таба албай жатсаңыз, анда Айтчы мага функциясы жардам бере алат. Ал кадимки издөө тилкесинде иштейт: эмнени издеп жатканыңызды терип жазсаңыз, параметрлердин тизмеси пайда болот. Тасмадан аны таппастан, менюдан түздөн-түз буйрукту колдоно аласыз.

Айтчы мага функциясын колдонуу

Тез куралдар тилкесине кирүү

Тасманын үстүндө жайгашкан, Тез куралдар тилкеси кандай гана өтмөктү тандабасын, жалпы буйруктарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет. Демейки режим боюнча башынан баштап, Сактоо, Кайтаруу, Кайталоо, Баштоо буйруктарын камтыйт. Жөндөөлөрүңүзгө жараша башка буйруктарды кошо аласыз.

Тез куралдар тилкесине буйруктарды толуктоо:

  1. Тез куралдар тилкесинин оң жагына кирүү үчүн ылдый түшүүчү жебени басыңыз.
    Ыңгайлаштырылган тез табуу мүмкүнчүлүгүнүн куралдар тилкесин ылдый түшүүчү жебеде жайгаштыруу.
  2. Ылдый түшүүчү менюдан сиз каалаган буйрукту кошууну тандаңыз. Көп буйруктардан тандоо үчүн, көбүрөөк буйруктарды тандаңыз.
    Тез табуу мүмкүнчүлүк куралдар тилкесине буйрук кошуу
  3. Тез куралдар тилкесине кирүүгө буйрук кошулуп берилет.
    Буйрукка тез табуу мүмкүндүк  куралдар тилкесин кошуу.

Башкаруучу, жетектөө жана тор сызыктар

PowerPoint сиздин слайддардын мазмунун уюштурууга жана иретке келтирүү үчүн бир нече куралдарды камтуу менен жардам берет аларга Башкаруучу, жетектөөлөр жана тор сызыктар кирет. Бул куралдар слайддарыңыздагы объектилерди тегиздөөнү жеңилдетет. Жөн гана, көрсөтүү тобунун ичиндеги текшерүү кутучалардын көрүү тилкесин чыкылдатуу менен бул куралдарды көргөзөсүз же жашырасыз.

Башкаруучу, колдонмолор жана торчолор

Масштаб жана башка көрүнүш параметрлери

PowerPoint та презентацияңызды кантип чагылдырууну өзгөрткөн ар түрдүү көрүү варианттары бар. Презентацияңызды көрүү үчүн Нормалдуу көрүнүш, Слайд Сорттоо көрүнүш, Окуу көрүнүш, же Слайд Көрсөтүү көрүнүшүн тандай аласыз. Презентацияңызды оңой окуш үчүн чоңойтуп же кичирейте аласыз.

Слайд көрүнүштөрдү которуштуруу

Ар кандай көрүнүштөгү слайдын ортолорун которуштуруу жеңил болот. Жөн гана каалаган слайд көрүнүш буйругун тандоо менен PowerPoint терезесинин төмөнкү-оң бурчуна жайгаштырыңыз.

Слайд кароо буйруктары

Слайд көрүнүштөрү тууралуу көбүрөөк билүү үчүн Башкаруу Слайддар кошумча сабагын караңыз.

Кичирейтүү жана чоңойтуу

Кичирейтип жана чоңойтуш үчүн, PowerPoint терезесинин төмөнкү-оң бурчунда масштабты башкаруу сыдырманы басыңыз жана жылдырыңыз. Ошондой эле + же - буйрутмаларын кичирейтип жана чоңойтуу үчүн кичирээк өсүүлөр аркылуу тандасаңыз болот. Учурдагы масштабдын пайызын көрсөтүш үчүн сыдырмадан кийинки сан көрсөтүлөт, анан ал чоңойтуп/кичирейтүү деңгээли деп аталат.

Масштабы башкаруу сыдырмасы

Система артындагы көрүнүш

Система артындагы көрүнүш ар кандай ыкмаларды берет, буларга сактоо, ачуу, басып чыгаруу жана презентацияларды бөлүшүү сыяктуулар кирет. Система артындагы көрүнүшкө кирүү үчүн, Тасмадагы Файлдар өтмөгүн басыңыз.

Файл өтмөктөрүн чыкылдатуу

Бул жерде система артындагы көрүнүштүн негизги элементтери.

  • PowerPoint кайтуу: Сиз жебени колдонуу менен система артындагы көрүнүштү жаап анан PowerPoint ка кайтып келесиз.
  • Маалымат: Маалымат тактасы сиз система артындагы көрүнүшкө кирген сайын пайда болуп турат. Бул учурдагы презентация жөнүндөгү маалыматтарды камтыйт.
  • Жаңы: бул жерден, сиз жаңы бош презентацияны түзө аласыз же көп үлгүлөрдүн белгилерин тандай аласыз.
  • Ачуу: бул жерден, сиз учурдагы презентацияларыңызды ача аласыз ошондой эле OneDrive же сиздин комьпютерде сакталган презентацияларыңызды ача аласыз.
  • Сактоо жана төмөнкү катары сактоо: Сактоону жана төмөнкү катары сактоону сиздин OneDrive же комьпютериңизге презентацияңызды сактоо үчүн колдонуңуз.
  • Басып чыгаруу: Басып чыгаруу тактасында, басып чыгаруу жөндөлөөрүн өзгөртүп жана басып чыгара аласыз. Сиз ошондой эле презентацияларыңызды алдын-ала көрө аласыз.
  • Бөлүшүү: бул жерден, сиз элдерди презентацияңызды көрүүгө жана кызматташууга чакыра аласыз. Сиз ошондой эле презентацияңызды тиркеме катары электрондук почта аркылуу бөлүшө аласыз.
  • Экспорт: PDF / XPS же PowerPoint 97-2003 тү өзүңүздүн жумуш китебиңизди башка форматта экспорттоо үчүн тандай аласыз.
  • Жабуу: учурдагы сунуштоону жабуу үчүн бул жерди басыңыз.
  • Аккаунт: Аккаунт тактасынан, сиз Microsoft Аккаунтдагы маалыматка, темаңызды жана фонду өзгөрткөнгө жана каттоо эсебиңизден чыгууга мүмкүнчүлүк ала аласыз.
  • Параметрлер: Бул жерде, ар түрдүү PowerPoint параметрлерин, жөндөөлөрдү жана тил тандоолорун өзгөртө аласыз.

Сиз OneDrive ты колдонуу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн, биздин сабакты түшүнүүнү OneDrive карап чыга аласыз.

Чакырык!

  1. PowerPoint 2016 ны ачыңыз, жана толтурулбаган презентацияны түзүңүз.
  2. Өтмөктөрдү көрсөтүү үчүн Тасма көрсөтүү ыкмаларын өзгөртүңүз.
  3. Тез куралдар тилкесинен кийинки ылдый түшүүчү жебени басыңыз жана Жаңы, Тез басып чыгаруу жана Жазуу эрежелерин кошуңуз.
  4. Айтчы мага, тилкесинен, форманы терип жазыңыз жана кирүүнү басыңыз.
  5. Менюдан форманы тандаңыз, жана слайддын бир жеринен эки жолу чыкылдатыңыз.
  6. Эгер дагы деле көрүнбөсө, анда башкаруучуну көрсөтүңүз.
  7. презентацияны 120% масштабга келтирип алса болот.
  8. Бүткөндөн кийин, сиздин презентацияңыз ушул сыяктуу болушу керек:
    Баштоо жардамчысына чакырык алуу
  9. Өтмөктөрдү көрсөтүү жана буйруктар үчүн .Тасма көрсөтүү параметрлерин кайра өзгөртүү.

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-creating/content/