PowerPoint 2016 Негиздери: Видеолорду коюу (Videos)

Lesson 18: Видеолорду коюу (Videos)

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-aligning-objects/content/

Видеолорду коюу

PowerPoint слайдга видео киргизүүгө жана презентация учурунда аны ойнотууга мүмкүндүк берет. Бул сиздин презентацияңызды угуучуларга жеткирүүнүн эң мыкты жолу.

Атүгүл PowerPoint ичинде видеонун монтажын жасап жана анын көрүнүшүн ылайыкташтыра аласыз. Мисалы, сиз, видеонун узундугун эбине келтирип кыркып, жана пайда болушун кошуп дагы көп нерселерди кошо аласыз.

Кошумча: Биздин практикалык презентацияны жүктөп алыңыз.

PowerPoint ка видео киргизүү тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Файлдан видео киргизүү үчүн:

Биздин мисалда, компьютериңизде сакталган файлдан видео киргизе аласыз. Эгер сиз биздин мисал менен бирге иштөөнү кааласаңыз, бул шилтеменин оңжагын чыкылдатыңыз видеого мисал шилтемени жана аны компьютериңизге сактап калыңыз.

  1. Киргизүү өтмөгүнөн тартып, видео ылдый түшүү жебени чыкылдатып, анан видеону Менин ЖК дан тандаңыз.
    Файлдан видео киргизүү
  2. Жайгаштырыңыз жана каалаган видео файлды тандап алып, анан Киргизүү дегенди чыкылдатыңыз.
    Видеону киргизүүгө тандоо
  3. Бул видео слайдга кошулуп калат.
    Киргизилген видео

Киргизүү өтмөгүндөгү Экран жаздыруу өзгөчөлүгү менен, сиз жасап жаткан нерселерден видеону түзө аласыз жана аны слайдга киргизсеңиз болот.

Киргизүү өтмөгүндө Экран Жаздыруу баскычы

Онлайн видео киргизүү үчүн:

Кээ бир вебсайттар, YouTube сыяктуу , сиздин слайддарга видеону киргизип коюуга мүмкүнчүлүк берет. Киргизилген видео вебсайттын түпнускасындагы хостингде сакталып турат дагы жана ал файлга кошулбайт дегенди билдирет. Киргизүү файлдын өлчөмүн азайтуу үчүн ыңгайлуу жол болушу мүмкүн, бирок, сиз видеону ойнотуу үчүн Интернетке туташкан болушуңуз керек.

Онлайн видео киргизүү

Видеолор менен иштөө

Видеону алдын ала көрүү үчүн:

  1. Тандап алуу үчүн видеону чыкылдатыңыз.
  2. Видеонун төмөн жагындагы, Ойнотуу / бир азга токтотуу баскычын басыңыз. Видео ойной баштайт жана убакыт өлчөмүн кийинки Ойноо/ Тыныгуу баскычын тууралаңыз.
    Ойноо / Тыныгуу баскычы жана убакыт тилкеси
  3. Видеонун башка бөлүгүнө секирүү үчүн, убакыт тилкесинин каалаган жерине чыкылдатыңыз.
    Убакыт тилкесинен алдыга секирүү

Видеонун өлчөмүн өзгөртүү:

  • Бурч өлчөө туткаларын видеонун керектүү өлчөмүн алганга чейин чыкылдатып жана сүйрөп барыңыз.
    Видео өлчөмүн өзгөртүү

Бурчтук өлчөө туткалары видеонун өлчөмүн түпнуска тараптар катнашында сакталгандай кылып жасайт. Эгер сиз каптал өлчөө туткаларын колдонгон болсоңуз, видео бурмаланган болуп калат.

Видеону жылдырыш үчүн:

  • Видеону слайддын бир жаңы жерине жылдыруу үчүн чыкылдатыңыз жана сүйрөңүз.
    Видео жылдыруу

Видеону алып салуу үчүн:

  • Сиз алып салууну каалаган видеону тандаңыз андан кийин Backspace баскычын же тергичтен Алып салуу баскычын басыңыз.

Видеолорду түзөтүү жана форматтоо

Кайра ойнотуу өтмөгүндө видеону түзөтүү үчүн колдонууга бир нече параметрлер бар. Мисалы, түпнускадан үзүндүнү ойнотуу үчүн видеону кырка аласыз, бара-бара пайда болуу жана жоголууну кошуңуз, видеодо белгилүү бир пунктка секирүү үчүн сакталма файлдарды кошуңуз.

Кайра ойнотуу өтмөгүндөгү көпчүлүк функцияларды слайддан киргизилген видеолорго гана колдонсо болот. Алар камтылган видеолор менен иштебейт.

Видеону кыркуу үчүн:

  1. Видеону тандап, анан Тасмадагы кайра ойнотууну чыкылдатыңыз.
  2. Кыркуу Видео буйругун чыкылдатыңыз.
    Видео Кыркуу буйрукка чыкылдатуу
  3. Диалог кутучасы пайда болот. Жашыл тутканы убакытты баштоону орнотууга жана кызыл тутканы убакытты бүтүрүүгө колдонуңуз.
    Башталыш жана аяктоо убактысын орнотуу
  4. Видеону алдын ала көрүү үчүн, Ойноо баскычын чыкылдатуу.
    Өзгөрүүлөрдү алдын ала көрүү үчүн Ойноо баскычын чыкылдатуу
  5. Видеону кесип бүткөндөн кийин, OK чыкылдатыңыз.

Пайда болуу жана жоголууну кошуу үчүн:

  1. Кайра ойнотуу өтмөгүнө, Пайда болууну(Fade In) жайгаштырыңыз: жана Бара-бара жоголуу (Fade out): талаалары.
  2. Керектүү баалуулуктарын терип, же өйдө жана ылдый жебелерди колдонуп жоголуу убактыларын тууралаңыз.
    Пайда болуу жана Жоголууну кошуу

Кыстарманы кошуу үчүн:

  1. Видеонун каалаган бөлүгүн жайгаштыруу үчүн хронологияны чыкылдатыңыз.
    Видеодон каалаган жерин тандоо
  2. Кайра ойнотуу өтмөгүнөн, Кыстарма буйрукту чыкылдатуу.
    Кыстарма кошуу буйрукка чыкылдатуу
  3. Кыстарма убакыт тилкесинде пайда болот. Ошол жерге секирүү үчүн кыстарманы чыкылдатыңыз.
    Кошулган кыстарма

Видео параметрлери

Видеонун кантип ойногонун көзөмөлдөш үчүн башка параметрлерди орното аласыз. Кайра ойнотуу өтмгүндөгү Видео Параметрлер тобунан кездешет.

Видео параметрлер тобу
  • Көлөмү: Видео үчүн аудио көлөмүн өзгөртөт
  • Баштоо: Видеонун автоматтык түрдө же чычкан басылган учурда башталганын көзөмөлдөйт
  • Толук Экран Ойнотуу: Видео ойноп жатканда бүткүл экранды толтуруп турсун.
  • Ойнобой турганда Жашырып койуңуз: Видео ойнобой турганда жашырылып турат.
  • Токтогонго чейин кайталанма видео: Видео токтогонго чейин кайра ойнотуу.
  • Ойноп бүткөндөн кийин артка түрдүрүү: Ойноп бүткөндөн кийин видео кайра башына келет.

Видеонун көрүнүшүн форматтоо

Сүрөттөр сыяктуу эле, PowerPoint видеонун көрүнүшүн, видео стилин колдонуу менен, рамканы кошуу, форманы өзгөртүү, ошондой эле ар кандай кубулуштарды колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Плакат алкакты түзүү үчүн:

Толтургучтар сүрөтүн, видео ойноп башталганга чейин угуучулар көрө алгандай кылып, плакат алкагын видеого кошо аласыз. Плакат алкагы адатта видеонун өзүнөн алынган алкак болуп саналат.

  1. Видеонун каалаган бөлүгүнө жайгаштыруу үчүн хронологияны чыкылдатыңыз.
  2. Формат өтмөгүнөн, Плакат Алкагы буйругун чыкылдатуу. Пайда болгон менюдан учурдагы Плакатты тандаңыз.
    Плакат алкагын кошуу
  3. Учурдагы алкак плакат алкагы болуп калат.
    Жаңы плакат алкагы

Эгер бир сүрөттү компьютериңизден алып колдонгуңуз келсе, анда Сүрөттү файлдан тандаңыз.

Видео стилин колдонуу үчүн:

  1. Видеону тандап, анан Тасмадагы Формат өтмөгүн чыкылдатыңыз.
  2. Видео стилдер тобунан, мүмкүн болгон видео стилдерин көрсөтүү үчүн Көбүрөөк ылдый түшүү жебеге чыкылдатуу.
    Көбүрөөк ылдый түшүү жебеге чыкылдатуу
  3. Керектүү стилди тандаңыз.
    Видео стилин тандоо
  4. Жаңы стил видеого колдонулат.
    Колдонулган стил

Тактоолорду, түстүү өзгөртүүлөр, чек, формалар жана кубулуштар тууралуу көбүрөөк билүү үчүн, биздин Сүрөттөрдү форматтоо сабакты көрүңүз.

Чакырык!

  1. Биздин практикалык презентацияны ачыңыз . Ошондой эле, бул тууралуу чыкандын оң жагын чыкылдатыңыз видеого мисал шилтемени жана аны компьютериңизге сактап калыңыз. Сиз буга чейин биздин сабактарды жүктөп алган болсоңуз, анда жаңы көчүрмөсүн жүктөп алууга ынансаңыз болот.
  2. Слайд 2 де, биздин видео файлга мисалды киргизип алыңыз.
  3. Муну текст кутучасына баткыдай кылып Видео өлчөмүн өзгөртүңүз.
  4. Сиздин тандооңуз менен видео стилди колдонуңуз.
  5. Башталыш убактысы 00: 17,5 жана бүткөн убактысы болжол менен 00:25 саналгандай кылып видеону кесиңиз.
  6. Кыстарманы видеонун ортосундагы бир жерге кошуңуз.
  7. Качан сиз бүткөндөн кийин, видеону алдын ала көрүңүз. Ал ушул сыяктуу бир нерсе, ал болушу керек:

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-audio/content/