PowerPoint 2016 Негиздери: Фигуралар (Shapes)

Lesson 16: Фигуралар (Shapes)

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-formatting-pictures/content/

Фигуралар

Формалар презентацияңызды кызыктуураак кылуунун эң мыкты жолу болуп саналат. PowerPoint сизге тандаганга абдан көп ар кандай формаларды берет, жана алар сиздин муктаждыктарыңызга жараша ылайыкташтырылат, өз түс тактасын, артыкчылыктарын жана көп нерселерди колдонуу менен. Сизге ар бир түзгөн презентацияга формалардын зарылдыгы деле жок болушу мүмкүн, алар көрүнүшү кооздорду кошо алышат.

Кошумча: Биздин практикалык презентацияны жүктөп алыңыз.

PowerPoint тагы формалар жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Форманы киргизүү үчүн:

  1. Киргизүү өтмөгүн тандап, анан Сүрөттөмөлөр тобунан Формалар буйругун чыкылдатуу. Формалардын ылдый түшүү менюсу пайда болот.
  2. Керектүү форманы тандаңыз.
    Форманы тандоо
  3. Чыкылдатып, форманы слайдга кошуу үчүн каалаган жерге сүйрөңүз.
    Жаңы форманы киргизүү

Форманы же текст кутучасын өзгөртүү

качан сиз форманы же текст кутучасын басканда, формаларга таасир этүүчү туткалары пайда болот. Туткалардын бир нече түрлөрү бар.

  • Өзгөртүү туткалары: Чыкылдатыңыз жана Өзгөртүү туткаларын формалар же текст кутучасы керектүү көлөмгө келгенге чейин сүйрөңүз. Сиз бир эле мезгилде бийиктигин жана энин өзгөртүү үчүн бурч көлөм туткаларды колдоно аласыз.
    Форма өлчөмүн өзгөртүү
  • Буруу туткасы: Чыкылдатыңыз жана буруу туткасын сүйрөп форманы буруңуз.
    Форманы айландыруу
  • Сары туткалар: Форманы ыңгайлаштыруу үчүн кээ бир формалардын бир же бир нече сары туткаларын бар. Мисалы, күн формасы менен форманын бөлүмдөрүн өзгөртө аласыз.
    Форманы жаңыртуу

Өлчөмүн өзгөртүү, ыңгайлаштыруу, жана формаларды буруудан тышкары сиз тегиздеп, буйрутма берип жана аларды топтой аласыз. Көбүрөөк билүү үчүн, биздин Тегиздөө, буйрутма, жана объектилерди топтоштуруу сабактарын көрүңүз.

Формаларды форматтоо жана текст кутучалары

PowerPoint формаларды жана текст кутучаларын өзгөртүүгө ар кандай жолдорун колдонууга жана алар долбоорлоруңузду ылайыкташтырууга мүмкүнчүлүк берет. Сиз, ар кандай калыптарга формаларды жана текст кутучаларды өзгөртүүгө, алардын стилин жана түсүн түзүүнү жана кубулуштарды кошо аласыз.

Форма стилди өзгөртүү үчүн:

Форманын стилин тандоодо, алдын ала коюлган түстөрдү жана кубулуштарга мүмкүндүк берүү менен сиздин форманын же текст кутучасынын көрүнүшүн тез өзгөртөт. Бул параметрлер учурдагы теманын бөлүгү болуу менен түстөргө көз каранды болот.

  1. Сиз өзгөртүүнү каалаган форманы же текст кутучасын тандаңыз.
  2. Формат өтмөгүнөн, Форма Стилдер тобундагы Көбүрөөк ылдый түшүү жебеге чыкылдатуу.
    Көбүрөөк ылдый түшүү жебеге чыкылдатуу
  3. Стилдеги ылдый түшүү менюсу пайда болот. Сиз пайдаланууну каалаган стилди тандаңыз.
    Форма стилин тандоо
  4. Тандалган стилде форма же текст кутучасы пайда болот.

Форманы толтуруу түсүн өзгөртүү үчүн:

  1. Сиз өзгөртүүнү каалаган форманы же текст кутучасын тандаңыз.
  2. Формат өтмөгүнөн, Форма толтуруу ылдый түшүү жебеге чыкылдатуу. Форма Толтуруу меню пайда болот.
  3. Ар түркүн түстөрдүн үстүнөн чычканды жылдыруу. Сиз пайдаланууну каалаган түстү тандаңыз. Көп түстөрдү сынап көрүү үчүн, көбүрөөк Түстөр Толтурууну тандаңыз.
    Форманы түскө толтурууну өзгөртүү
  4. Тандалган түстөн форма же текст кутучасы пайда болот.

Эгер сиз толтуруунун башка түрүн колдонгуңуз келсе, ылдый түшүү менюдан Градиент же Текстураны тандаңыз. Ошондой эле, ал ачык-айкын кылуу үчүн эч кандай толтурууну тандай аласыз.

Форманын түзүлүшүн өзгөртүү үчүн:

  1. Сиз өзгөртүүнү каалаган форманы же текст кутучасын тандаңыз.
  2. Формат өтмөгүнөн, Форма Түзүлүшү ылдый түшүү жебеге чыкылдатуу. Форма Түзүлүшү менюсу пайда болот. Форма Схема менюсу пайда болот.
  3. Сиз пайдаланууну каалаган түстү тандоо. Эгер схеманы ачык-айкын кылуу керек болсо, анда Схеманын кереги жокту тандаңыз.
    Форманын схема түсүн өзгөртүү
  4. Форма же текст талаасы тандалган схема түсүндө пайда болот.

Калкып түшмө менюдан тартып, сиз схема түсүн, салмагын (калыңдыгын), жана дагы тилкеленген сызыкты өзгөртө аласыз.

Жоонураак схема

Форма кубулуштарын кошуу:

  1. Сиз өзгөртүүнү каалаган форманы же текст кутучасын тандаңыз.
  2. Формат өтмөгүнөн, Форма Кубулуштар ылдый түшүү жебеге чыкылдатуу. Пайда болгон менюга стил кубулушун кошуу үчүн чычкан менен үстүнөн кармап, андан кийин каалаган алдын ала коюлган кубулушту тандаңыз.
    Форма Кубулуштар менюсу
  3. Форма тандалган кубулуш менен пайда болот.

Форма кубулуштарын мындан ары ылайыкташтыруу үчүн ар бир меню бүткөндөн кийин Параметрлерди тандаңыз. Кубулуштарды ыңгайлаштырууга мүмкүндүк берүү менен Формат Форма тактасы пайда болот.

Форма Параметрлер тактасы

Башка формага өзгөртүү:

  1. Сиз алмаштырууну каалаган форманы же текст кутучасын тандаңыз. Формат өтмөгү пайда болот.
  2. Формат өтмөгүнөн, Форманы Түзөтүү буйругун чыкылдатуу. Пайда болгон менюдан, Форманы Өзгөртүүнүн үстүнө курсорду алып келип жана каалаган форманы тандаңыз.
    Форманы өзгөртүү
  3. Жаңы форма пайда болот.
    Жаңы форма

Эгер кааласаңыз, анда формага текст киргизе аласыз. Сиздин документте форма пайда болгондо, сиз жөн гана терип жаза баштайсыз. Сиз андан кийин тексттеги арипти, тамганын өлчөмүн же түсүн өзгөртүү үчүн Башкы беттин өтмөгүнөн форматтоо ыкмаларды колдоно аласыз.

Формага текст киргизүү

Чакырык!

  1. Биздин практикалык презентацияны ачыңыз.
  2. Слайд 5, Стрессти Башкаруу аттуу , негизги Формалар категориядан Бүктөлгөн Бурч формасын киргизүү.
  3. Бир аз форманы айлантуу.
  4. Форманы алтынга толтуруп өзгөртүү.
  5. Форма схемасын Схема Жокко өзгөртүү.
  6. Тышкы категориядан форма кубулуштарына көлөкө кошуу таасирин колдонуңуз.
  7. Кийинки текстке форманы кошуу: Стрести жеңилдетүү приоритетин жасаңыз !
  8. Форманы сиздин тандооңузга өзгөртүү. Эскертүү: Сиз тексттин баарын көрүү үчүн форманын өлчөмүн өзгөртүүңүз мүмкүн.
  9. Бүткөндөн кийин, слайд ушул сыяктуу болушу керек:
    Формалар чакырыктары

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-aligning-objects/content/