PowerPoint 2016 Негиздери: Кайталоо жана презентацияны жаздыруу (Rehearsing)

Lesson 30: Кайталоо жана презентацияны жаздыруу (Rehearsing)

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-action-buttons/content/

Кайталоо жана презентацияны жаздыруу

Презентацияны берүүгө даярданып жатканда эстен чыгарбоо үчүн көп нерселер бар. Канча убакытка созулат? Сен эмне деп айтасыз? Бактыга жараша, PowerPoint сиздин слайд-шоуңузду кайталап көнүгүүгө жардам бере турган бир нече куралдарды сунуш кылат. Керек болсо сиз презентацияңызга үн жаздырып, башка адамдарга жибере аласыз.

Кошумча: Биздин практика презентациябызды көчүрүңүз.

Презентацияңызды кайталап, жаздыруу үчүн төмөндөгү видеону көрүңүз.

Слайд шоу убакыттарын кайталоо

Убакыттарды кайталоо аркылуу ар бир слайдка белгилүү бир ылдамдык менен ойноого мүмкүнчүлүк берсеңиз болот, мындайда сиз кол менен слайддарды жылдырып турбайсыз. Ошондой эле, сизге сүйлөө пункттарыңызды практика кылганга мүмкүнчүлүк берет. Бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, ар бир слайдга мөөнөттөрдү сактоого болот. PowerPoint андан соң бул мөөнөттөрдү колдонуп презентацияны ойнойт.

Кайталоо бул жакшы презентацияны даярдоодого акыркы кадамдардын бири. Эгер сиз эч качан слайд-шоу жасаган эмес болсоңуз, биздин Слайд шоуңузду көрсөтүү негиздери сабагы менен таанышыңыз.

Мөөнөттөрдү кайталоо:

  1. Слайд Шоу өтмөгүнө барыңыз, андан соң Мөөнөттөрдү Кайталоо буйругун ачыңыз.
    Мөөнөттөрдү кайталоо буйругун басыңыз.
  2. Сиз презентацияңыздын толук экран көрүнүшүнө барасыздар. Слайд-шоуңузду презентация кылганды практика кылыңыз. Сиз кийинки слайдка жылууга даяр болгондо, жогорку-сол бурчта жайгашкан Жазуу тилкесиндеги Кийинки баскычын чыкылдатыңыз. Ошондой эле сиз баскычтоптон оң жебе баскычын колдоно аласыз.
    кийинки слайдка жылуу
  3. Сиз презентациянын аягына жеткенде, диалог кутучасы сиздин презентациянын жалпы убактысы менен пайда болот. Эгер убакыт менен ыраазы болсоңуз, Ооба баскычын чыкылдатыңыз.
    Мөөнөттөрдү сактоо
  4. Мөөнөттөр сакталат. Кийинки жолу, PowerPoint бул мөөнөттөрдү колдонуп калган слайддарды автоматтык түрдө жөндөйт.

Эгер сиз мөөнөттөрдү туура жасоого бир нече аракет кылам десеңиз, Жазуу тилкеси аркылуу тыныгып, кайра жазууну баштасаңыз болот. Таймерди тындыруу үчүн, Пауза баскычын басыңыз. Таймер токтоп турганда эч нерсе жазылбайт. Учурдагы слайдды кайра жаздыруу үчүн Кайталоо баскычын басыңыз.

Токтотуу жана Кайталоо баскычтарын колдонуу

Слайд шоу жаздыруу

Слайд Шоу Жаздыруу функциясы Мөөнөттөрдү Кайталоо функциясына окшош, бирок ал ар-тараптуу. Эгер сиздин компьютериңизге микрофон бар болсо, презентациянын барына үн менен жаздырсаңыз болот. Эгер слайд шоуңузду өзү чуркаган презентация же видео катары колдоном десеңиз пайдалуу болот.

Слайд шоу жаздыруу үчүн:

  1. Слайд Шоу өтмөгүнөн, Слайд Шоу Жаздыруу жебесин тандаңыз, анан Башынан баштап Жаздырууну Баштоо же Учурдагы Слайддан Жаздырууну Баштоону тандаңыз.
    Слайд Шоу Жаздыруу буйругун тандоо
  2. Диалог кутучасы пайда болот. Керектүү параметрлерин тандап, андан кийин Жаздырууну Баштоону чыкылдатуу керек. Эске салыңыз, сиз компьютериңизде микрофон болсо гана жаздыра аласыз.
    Презентация жаздыруу параметрлерин жөндөө
  3. Презентацияңыз толук экран көрүнүшүндө пайда болот. Слайд шоуңузду жүзөгө ашырыңыз. Микрофнго так сүйлөгөндү аракет кылыңыз.
  4. Сиз кийинки слайдка жылууга даяр болгондо , Жазуу куралдар тилкесинен Кийинки баскычын басыңыз же оң жебе баскычын колдонуңуз.
    кийинки слайдка көчүү
  5. Сиз акырына жеткенде, PowerPoint толук экран көрүнүшүн жабат.
  6. Сиздин слайд убакыттарыңыз жана баяндооңуз эми презентацияңыздын бир бөлүгү болпу саналат. Баяндоосу бар слайддар төмөнкү-оң бурчунда динамик сүрөтчөсү менен белгиленет.
    аудио менен слайддар

Жазылган слайд шоуларда чычкан курсору иштебейт, ошондуктан бир нерсени көрсөткүңүз келсе, Лазер көрсөткүчүн колдонушуңуз керек. Чычканыңызды кармап, чыкылдатканда жөн гана баскычтоптон Ctrl басып туруу керек. Курсор кичинекей кызыл чекит болуп көрүнөт. Лазердик көрсөткүчтү колдонуу

Слайд мөөнөттөрүн же баяндоону алып салуу үчүн:

Слайд мөөнөттөрүн же баяндоону алып салгыңыз келсе, аларды жеңил эле жок кыла аласыз. Аны ушул слайдда эле же толугу менен презентациядан алып сала аласыз.

Бул үчүн, жөн эле Слайд Шоу өтмөгүнө өтүп, Слайд Шоу жаздырууга өтүп, Тазалоо басыкын басуу зарыл.

слайд мөөнөтүн тазалоо

Өзүңүздү сынаңыз!

  1. Биздин презентацияны практика кылуу презентациябызды ачыңыз. Сиз буга чейин практика презентациясын жүктөп алган болсоңуз, бары бир жаңысын көчүрүрп алыңыз.
  2. Слайд-шоу жаздырыңыз. Микрофонуңуз бар болсо, жана баяндоону жаздырууну кааласаңыз слайддарды окусаңыз болот.
  3. Бүткөндөн кийин, слайдшоу ойнотуңуз.Слайддар сиз жаздырган темп менен ойноп баштайт.

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-sharing/content/