PowerPoint 2016 Негиздери: Басып чыгаруу (Printing)

Lesson 10: Басып чыгаруу (Printing)

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-find-replace/content/

Басып чыгаруу

PowerPoint презентацияларын компьютерден көрө алсаңыз дагы, аларды басып чыгарууну каалаган учурлар болушу мүмкүн. Презентациянын ыңгайлаштырылган версияларын басып чыгарган болсоңуз алар слайд-шоуну көргөзүп жатканыңызда өзгөчө жардам берет. Басып чыгаруу панели, алдын-ала презентацияны басып чыгаруу үчүн жеңил болот.

Кошумча: Биздин практикалык презентацияны жүктөп алыңыз .

PowerPoint менен басып чыгаруу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Басып чыгаруу калыптары

PowerPoint презентацияны басып чыгарып жатканда бир нече калыптарды(үлгүлөрдү) тандоону сунуштайт. Сиз тандаган калып негизинен, слайд-шоуну эмне үчүн басып жатканыңызга көз каранды болот. Басып чыгаруу калыптарынын төрт түрү бар.

  • Толук Барак Слайддары: Бул презентациядагы ар бир слайдга толук баракты басып чыгара алат. Эгер сиз кайра карап чыгуу же басылган көчүрмөгө түзөтүү керек болот десеңиз бул калып өтө пайдалуу болуп саналат.
    Толук бет слайд басып чыгарууну алдын ала көрүү
  • Эскертүү барактары: Бул слайдды докладчынын эскертүүлөрү менен бирге ар бир слайдды басып чыгара алат. Эгер ар бир слайдга көп эскертүүлөрдү кошкон болсоңуз, презентация берип жатканда басылган көчүрмөнү сактап калышыңыз мүмкүн.
    эскертүү барактар ​​калыбын алдын ала карап чыгуу
  • Схема: Бул слайд шоунун жалпы планын басып чыгара алат. Сиз слайд шоунун уюштурулушун карап чыгуу үчүн жана презентацияны жеткирүүгө даярдоону колдоно аласыз.
     схема басып чыгарууну алдын ала көрүү
  • Таркатмалар: Бул ар бир слайддын эскиз версияларын кошумча боштук эскертүүлөр менен басып чыгарат. Сиз аудиторияга презентациянын көчүрмөсүн берүүнү кааласаңыз, бул үлгү өзгөчө пайдалуу болот. Кошумча орун аларды ар бир слайдда жазып алууга мүмкүнчүлүк берет.
    Таркатмалардын басылып чыгышын алдын ала көрүү

Басып чыгаруу тактага мүмкүнчүлүк алуу үчүн:

  1. Файл өтмөктү тандаңыз. Экрандын арткы көрүнүшү пайда болот.
    Файл өтмөктү тандоо
  2. Басып чыгарууну тандаңыз. Басып чыгаруу панели пайда болот.
    Экрандын арткы көрүнүшүндөгү Басып чыгарууну чыкылдатуу

Бул жерде Басып чыгаруу панелинин негизги элементтери болуп эсептелет.

  • Басып чыгаруу баскычы: Сиз презентацияны басып чыгарууга даяр болгондо, Басып чыгаруу баскычын чыкылдатыңыз.
  • Көчүрмөлөр: Бул жерде, презентациянын канча көчүрмөсүн басып чыгарууну каалагандай кылып тандай аласыз. Эгер сиз бир нече көчүрмөсүн басып чыгарууну пландап жаткан болсоңуз, анда биринчи сыноо көчүрмөсүн басып чыгарганыңыз жакшы болот.
  • Принтер: Эгер компьютер бир нече принтерге туташкан болсо анда сиз каалаган принтерди тандап алышыңыз керек.
  • Калыпты басып чыгаруу: Бул жерден төрт басып чыгаруунун бирөөнү тандай аласыз: Толук Бет Слайддары, Эскертүүлөр барактары, Схема жана Таркатмалар.
  • Салыштыруу параметрлери: Эгерде сиз бир нече көчүрмөсүн басып чыгарып жатсаңыз, анда сиз каалаган көчүрмөлөр салыштырылган же салыштырылган эмесин тандай аласыз.
  • Түсү Орнотуулар: Бул жерде сиз түстүү кылып же түсү жок кылып басып чыгарууну тандай аласыз. Биз көпчүлүк учурда боз түстөрдү түстүү сыяны үнөмдөш үчүн басып чыгарууну сунуш кылабыз.
  • Алдын ала көрүү панели: Бул жерде, сиз презентацияны басып чыгаргандан кийин кандай көрүнөрүн алдын-ала көрө аласыз.
  • Слайд тандоо: Сиз Алдын ала көрүү панелинен ар башка слайдды көрүү үчүн жебелерди чыкылдата аласыз.
  • Масштабты көзөмөлдөө: Сиз масштабтын оң жагындагы баскыч беттеги масштапты чыкылдатыңыз жана Алдын ала көрүү панелинен тышкары. Масштаб көзөмөлүн пайдалануу үчүн тандап алманы сүйрөп жана чыкылдатыңыз. Тандап алманын сол тилкесиндеги сан масштаб пайызын чагылдырат.

Сиз ошондой эле тергичтен Ctrl + P басуу менен Басуу тактасына кире аласыз.

Презентацияны чыгарыш үчүн:

  1. Файл өтмөктү танда. Экрандын арткы көрүнүшү пайда болот.
    Файл өтмөктү тандоо
  2. Басууну тандаңыз. Басып чыгаруу панели пайда болот.
    Экрандын арткы көрүнүшүндөгү Басып чыгарууну чыкылдатуу
  3. Каалаган принтерди жана басып чыгаруу диапазонун тандаңыз.
  4. Керектүү басып чыгаруу үлгүлөрүн жана түс орнотууларын тандап алыңыз.

    басып чыгаруу орнотууларын өзгөртүү

  5. Сиз орнотууларын өзгөртүп бүткөндөн кийин, Басып чыгарууну чыкылдатыңыз.
    Басып чыгаруу баскычын чыкылдатуу

Чакырык!

  1. Биздин практикалык презентацияны ачыңыз.
  2. Басып чыгаруу панелинен көчүрмөнүн санын 2 ге өзгөртүңүз.
  3. Презентациянын ар бир туурасынан 6 Слайддар менен таркатма версияларын тандаңыз.
  4. Бүткөндөн кийин, басылма панели ушул сыяктуу болушу керек:
  5. Кошумча: Эгер принтериңиз бар болсо жана басып чыгарып көргүңүз келсе анда презентацияңызды басып чыгарыңыз.

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-presenting/content/