Компьютерде иштөө негиздери: Mac компьютериңизге программа орнотуу (Install Mac)

Lesson 21: Mac компьютериңизге программа орнотуу (Install Mac)

/en/tr_ky-basic-computer-skills/windows-install-windows/content/

Mac компьютериңизге программа орнотуу

Компьютериңиз кереметтүү иштерди кылууга мүмкүнчүлүк берет. Санарип сүрөттөрдү түзөтүү, татаал компьютер оюндарды, жана видеолорду ойноо. Бул үчүн ар түрдүү программалар талап кылынат, ошолордун жардамы менен мүмкүн. Иштеп чыгуучулар ар дайым жаңы программаларды иштеп чыгып жатышат, алардын жардамы менен компьютер менен мындан да көп нерсе жасаса болот.

CD-ROM аркылуу программа орнотуу

1990-жылдардын жарымынан тартып 2000-жж аяктарына чейин жаңы программаны сатып алуу үчүн компакт дисктеги программаны сатып алчубуз. Дискти салып, анан компьютер орнотуу процессинде сизге жардам берип турчу.

Азыр дээрлик бардык программалар бул моделден өттү. Чынында, Apple мындан ары CD-ROM диск жабдуусу менен компьютердерди сатпайт.

Интернеттен программаны орнотуу

Бүгүнкү күндө жаңы программаны алуу жолу болуп, көбүнчө Интернеттен жүктөп алуу болуп саналат. Microsoft Office жана Adobe Photoshop сыяктуу программалар интернеттен сатылып алынып, компьютерге түз көчүрүлүп алынат. Сиз ошондой эле акысыз программаны ушундай жол менен орното аласыз. Мисалы, Google Chrome браузерин орнотууну каалаган болсоңуз, анда бул баракты басып, жана "жүктөп алуу" баскычын чыкылдатасыз.

Орнотуу файлы компьютериңизге .dmg түрүндө сакталат. Чекит DMG деп аталган, бул Mac компьютердин стандарттык файл кеңейтүүсү болуп саналат. Сиз төмөнкү кадамдарды аткарып .dmg файлындагы программаны орното аласыз.

  1. .dmg файлын жүктөп алуу жана жайгаштыруу.
     .dmg файлын жүктөп алуу
  2. .dmg файлын жайгаштыруу жана аны кош чыкылдатуу. (Ал, адатта, Жүктөөлөр папкасында болот.)
    .dmg файлын ачуу
  3. Диалог кутучасы пайда болот. Сүрөтчөнү чакылдатып, Программалар папкасына сүйрөп келиңиз.
    Колдонмону фолдонмолор папкасына жылдыруу
  4. Программа орнотулат. Сиз программаны ачуу үчүн сүрөтчөнү чакылдатыңыз.
    Колдономну биринчи жолу ачуу
  5. Иш-тактаңызда программанын аты жазылган катуу дисктин сүрөтчөсү пайда болот. Бул volume деп аталат, жана программа орнотулгандан кийин кереги жок.Сиз жөн гана аны таштанды папкасына сүйрөп, салып койсоңуз болот.
    Орнотуу дискин чыгаруу

Кээ бир колдонмолор .dmg ордуна .pkg кеңейтүүунү колдонот- бул учурда нускамалрды аткарып, программаны орнотуп койсоңуз болот.

Программаны табуу үчүн сунуштар

Биздин тажрыйбабыз боюнча, жаңы программаны табуу үчүн интернеттен издөө болуп саналат. Мисалы, сиз жеке сүрөттөрүңүздү түзөтүүчү үчүн программа издеп жаткан болсоңуз анда Google издөө системасы аркылуу акысыз сүрөт түзөткөн программаны издесеңиз болот. Эгер кандай так программаны билбесеңиз, кандай тапшырмаларды аткара ала турган программаны издеп жатасыз, ошол аркылуу издеңиз. Мисалы, сиз тапшырмалардын тизмеси жана жолугушууларды иреттөө программасы керек болсо, анда интернеттен "акысыз календарь программасы" деп издеп көрүңүз.

Mac App Дүкөнү

Эгер Mac OS X Snow Leopard же андан жаңы колдонсоңуз (10,6 жана жаңыраак версиялары), Mac App дүкөнүнөн программаны жүктөп, орнотуп алууңуз мүмкүн. Mac App дүкөнү үчүнчү жактын иштеп чыккан программаларын орнотууну жана жайгаштырууну жөнөкөйлөтүү үчүн арналган. Сиз Mac App дүкөнүнөн колдонмо тапсаңыз, аны орнотуу үчүн башка нерсе жасабайсыз.

Mac App дүкөнү

/en/tr_ky-basic-computer-skills/windows-uninstall-windows/content/