Компьютерде иштөө негиздери: Компьютерде камтылган жардамды кантип колдонуу керек (Built-In)

Lesson 2: Компьютерде камтылган жардамды кантип колдонуу керек (Built-In)

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-getting-started/content/

Компьютерде камтылган жардамды кантип колдонуу керек

Ар бир адам кээде жардамга муктаж. Бактыга жараша, компьютер программасынын жардамы керек болгондо аны табыш оңой. Көп программаларда "жардам" баскычы бир жакта камтылган. Аны туура колдонууну үйрөнүү чоң жеңилдик кылат. Сизге керектүү нерселердин баарын таба албышыңыз мүмкүн, бирок, копмьютерде камтылган "жардам" баскычы менен баштоо жеңилдик жаратат.

Ар кандай программалар ар башка жолдор менен жардам мүмкүнчүлүктөрүн камтыйт. Кээбир адамдар программанын ичиндеги меню менен ача турган интерактивдүү колдонмону жактырышат, башкалар болсо вебсайтты колдоого шилтемени жактырышат. Бирок алардын баары бир гана нерсе үчүн түзүлгөн: Программанын түзүлүшүн, белгилерин үйрөнүүгө жана өзүңө жардам берүүгө.

Камтылган "жардам"га кантип кирүү керек

Көпчүлүк программалары камтылган жардам алуу үчүн бир же эки жолу бар. Мисалы, Adobe Photoshop Elements те ар түркүн Жардам менюсу бар. Бул тандоолордун көбү Adobe программасынын колдоо баракчасын браузерде ачат, башкалар болсо бул белгини программанын ичинен ача алат.

Photoshop Жардам меню

Башка программаларда, адатта, терезеченин жогорку оң бурчуна жакын жардам баскычы бар. Мисалы, Microsoft Office 2013 кичинекей суроо белгиси бар, ал Жардам баракчасын ачат.

Excel жардам баскычы

Жардам баскычтын түзүлүшү

Жардам баракчасы ар кандай түрдө түзүлүшү мүмкүн, анын ичинде мазмун иретинде, көп суралучу суроолор, же издөө маалымат базасы.

Office 2013 түн жардам экранын ачкан соң Издөө кутусу дароо чыгат. Издөө тартибиндей эле, издөө сабына ачкыч сөздү жазсаңыз, ага тиешелүү темалар чыгат.

Excel Жардам кутуча

Mozilla колдоо бетинин мазмуну, ар кандай категориялардын тизмеси. Бул Гипершилтемелердеги баскан соң, кеңири маалыматтарга жана конкреттүү макалалардын тизмесин алып келет. Жогорку оң жакта издөө сабы да бар.

Firefox жардам баракчасы

Камтылган жардам пайдалуу болушу мүмкүн, ал ар дайым сиз каалаган маалыматка ээ эмес. Эгер сиз издеп жаткан нерсени таба албасаңыз, же сиз таап маанисин түшүнгөн жок болсоңуз, адатта, сиз билген бирөөдөн сурап, Google издөө, же сайтты колдоо кызматкери менен байланышсаңыз болот. Бул бир аз көбүрөөк убакытты жана күч-аракет талап кылынышы мүмкүн, бирок, маселени чечүүнүн жолдорун табууга үйрөнүү бул баалуу сапат. Канча көп бул ыкманы колдонгон сайын, жакшы билип баштайсыз.

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-undo/content/