Балдар үчүн интернет коопсуздугу: Файл бөлүшүү тармактарын колдонуу (File-Sharing Networks)

Lesson 5: Файл бөлүшүү тармактарын колдонуу (File-Sharing Networks)

/en/tr_ky-internet-safety-for-kids/-social-networks/content/

Файл бөлүшүү тармактарын колдонуу

музыканы интернетте бөлүшүү Музыканы онлайнда бөлүшүү

Файл-бөлүштүрүү тармактары биринчи Napster түзүлгөн кезде, 1990-жылдардын аягында популярдуу боло баштаган. Napster технологиянын бир түрү катары (же P2P) ыкмасында колдонулган.

Napster укуктук себептерден улам жабылып калган, бирок андан бери дагы көптөгөн P2P программалар пайда болду. Napsterден айырмаланып, бул программалар адамдарга музыканы эле бөлүштүрбөстөн, ошондой эле теле-шоуларды, тасмаларды жана программаларды бөлүшөт. Тилекке каршы, бул программалар менен байланышкан көп коркунучтар бар, вирустардын жайылышы, ошондуктан балдарыңыздардын коопсуздугу үчүн аларды алыс кармаганыңыз эң жакшы болот.

Файл бөлүштүрүү легалдуубу?

Файл бөлүшүүдөгү юридикалык тобокелдиктер Бөлүшүүдөгү юридикалык тобокелдиктер

Сиз файл бөлүштүрүү тармагын жүктөп, колдонсоңуз болот жана автордук укугу корголбогон файлдарды бөлүшө аласыз. Көйгөй мында программалар, музыка, телеберүүлөр жана кинолордун көпчүлүгүнүн автордук укуктары корголгон, эгерде сиз аларды жүктөп же бөлүшүүдө пайдалансаңыз анда чоң айып төлөп калышыңыз мүмкүн. Мисалы, 2006-жылы Томас Жеми бир нече үн жазуучу музыканы Казаа файл-бөлүштүрүү тармагында бөлүшкөнү үчүн сотко берилген. Ал $ 1,5 млн айып пул төлөп берүүгө милдеттендирилген, кийинчээрек $54,000 түшүрүлгөн.

Кээ бир ырларды жана TV эпизоддорун iTune дүкөнүнөн жана башка жерлерден бекер көчүрүп алса болот, жана көптөгөн программалык камсыздоолор да бекер экендигин эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан эгер балдарыңыз бир нерсени акысыз жүктөп алган болсо, ал сөзсүз түрдө эле туура эмес жасады дегенди билдирбейт.

Файл бөлүшүү коопсузбу?

P2P тармак аркылуу жүктөө вебсайттан жүктөөгө караганда кооптураак. P2P тармактарында көп файлдар вирустарды же башка зыяндуу нерселерди алып жүрүшөт. Ошондой эле, сиз файлдарды бөлүшүү менен башка адамдар сиздин компьютердеги файлдарга киришине мүмкүнчүлүк бересиз. Көпчүлүк адамдар белгилүү гана папкаларын бөлүшүүгө аракет жасашса да, кокустан комьпютериңиздеги толук маалымат менен бөлүшүп алышыңыз мүмкүн.

Балдарыңызга файлдарды бөлүштүрүүдө порнография же башка орунсуз мазмундагы нерселерди кезиктирип алуу коркунучу бар. Эгер сиз компьютерге ата-эне көзөмөлүн орнотуп койсоңуз, анда алар бул файлдарды кезиктербеши мүмкүн.

Файлдарды бөлүштүрүү программаларынын мисалдары

Бул жерде айрым файл бөлүштүрүү программалары:

  • BitTorrent
  • uTorrent
  • FrostWire
  • BitComet
  • Ares Galaxy

/en/tr_ky-internet-safety-for-kids/-mobile-device-safety/content/