Балдар үчүн интернет коопсуздугу: Кибер коркутуу жана кибер куугунтуктоо (Cyberbullying)

Lesson 3: Кибер коркутуу жана кибер куугунтуктоо (Cyberbullying)

/en/tr_ky-internet-safety-for-kids/-online-predators/content/

Кибер коркутуу жана кибер куугунтуктоо

Коркутуп-үркүтүү кибер коркутуу

Кибер коркутуу бул интернетте коркутуп-үркүтүү болуп саналат, мисалы кабарлашуу, текст билдирүүлөр, электрондук почталар жана социалдык тармактар аркылуу. Кибер коркутуучулар жабырланычуулар менен жашташ же алардан улуураак болушу мүмкүн. Эгер кылмышкер чоң киши болсо анда аны негизинен кибер сүйлөөчү же кибер куугунтуктоочу деп аташат.

Кибер коркутуучу башка коркутуулар сыяктуу эле зыяндуу, чынында бир нече жолдору менен андан да эң жаман болушу мүмкүн. Кибер коркутуучу оюн аянтчасы менен эле чектелбейт; ал балдарга онлайн аркылуу каалаган убакта ал эмес үйдө да пайда болушу мүмкүн. Ошондой эле, зөөкүр кээде жашыруун болот дагы анын коркутууларын токтотуу бир топ эле оордук келтирет.

Кибер куугунтуктоого мисалдар

Кибер куугунтуктоонун көп ар кандай түрү болот. Төмөндө киберкуугунтуктоонун айрым мисалдары келтирилген:

  • Кабарлашууда, текст билдирүүлөрдө, же онлайн оюндары аркылуу жаман нерсени кайра-кайра жазуу
  • Социалдык тармакташуу сайттарда каралоочу маалыматтарды жайгаштыруу
  • Оңтойсуз абалда калтырчу сүрөттөрдү же видеолорду жүктөө же бөлүшүү
  • Бирөөнү кемсинтүү үчүн жасалма профиль түзүү

Ресурстар

Төмөнкүдөй ресурстарда балдар жана өспүрүмдөр үчүн пайдалуу иш-чаралар, анын ичинде киберкуугунтук боюнча көп маалыматтар бар:

  • BrainPOP : Бул сайт киберкуугунтук жана башка көптөгөн темаларда видеолорду жана иш-чараларды сунуш кылат.
  • Stopcyberbullying.org : WiredSafety.org эл тарабынан түзүлгөн, бул сайтта 7 жаштан 17 жашка чейинки балдарга маалымат бар.
  • Cyberbully411.org : Бул сайт киберкуугунтук тууралуу ата-эне менен сүйлөшүү үчүн стратегияларды, анын ичинде балдар жана өспүрүмдөр үчүн ресурстарды көргөзө алат.
  • Common Sense Медия : Бул сайт 2 жаштан 17 жашка чейинки балдар менен иштөө үчүн кенен сунуш пикир берет.
  • KidsHealth : Бул сайтта киберкуугунтук боюнча жалпы түшүнүк бере турган макала бар.

WiredSafety.org Интернет коопсуздугу боюнча жалпы маалымат бар. Киберкуугунтук жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн, видео көрүңүз.

Барактын аягы

Киберкуугунтуктоого жооп

Балдарыңызды киберкуугунтуктоого кантип жооп берүүгө үйрөтүү маанилүү. Эгер балдарыңыз коркутууга дуушар болсо, анда балдарыңызга төмөнкү көрсөтмөлөрдү колдонуу керектигин айтып бериңиз.

Microsoft билдирүүсүндө зөөкүргө бөгөт коюу Зөөкүргө Майкрасофт билдирүүдө блок койуу
  • Зөөкүргө жооп бербе. Зөөкүрлөр көбүнчө жапа чегичүүлөрдүн көңүлүн бурууну каалашат. Эгер аларды тоготпой койсоңор, алардын кызыгуусу жоголот.
  • Эгер мүмкүн болсо, зөөкүрдүн билдирүүлөрүнө бөгөт кой. Эгер коркутуу чат, электрондук почта, же социалдык тармак сайтында болсо, анда, бейбаштан келген бардык маалымдоолорго бөгөт кое аласыз.
  • Зөөкүр жөнөткөн бардык каттарды жана башка билдирүүлөрдү сактап коюңуз. Буларды далил катары колдонушуңуз мүмкүн.
  • Коркутуу жөнүндө ата-энеге же ишенген улуураак бирөөгө билдириңиз. Эгер коркутуу кайталана бере турган болсо, ата-энеге же ишенген улуураак бирөөгө (мисалы, мугалимге) айткыла, алар көйгөй менен күрөшүүгө жардам бере алышат.

барактын аягы

Балаңыз кибер зөөкүрбү?

Коркутуп-үркүтүү кибер коркутуу

Кээде балдарыңыз митаам болушу мүмкүн. Тилекке каршы, интернет аркылуу адамдар зыяндуу нерселерди оңойураак жасашат анткени алардын өзүлөрү жөнүндө маалыматтар жашыруун болот. Натыйжада, балдар коркутуп -үркүтүүдө катышат да өзүлөрүн зөөкүр деп эсептешпейт.

Онлайндагы комментарийлер бетме-бет жолуккандар үчүн көп зыян алып келерин балдарыңыздын түшүнүүсү маанилүү. Онлайнда жеке бирөөнүн көңүлүн оорутуп ала турган нерселерди айтпаш керек экенин алар билиши керек.

Киберкуугунтук жасагандыгы үчүн балдарыңыз олуттуу кесепеттерге туш болушу мүмкүн. Азыр көптөгөн мектептерде мектептен сырткары болгон коркутуп-үркүтүүлөргө эч көңүл бөлүшпөйт. Кээ бир учурларда, студенттер киберкуугунтук жасагандыгы үчүн мектептен четтетилген.

Көбүрөөк маалымат алыш үчүн, макаланы окуңуз .

Ресурстар

Төмөнкүдөй ресурстарда балдар жана өспүрүмдөр үчүн пайдалуу иш-чаралар, анын ичинде киберкуугунтук боюнча көп маалыматтар бар:

  • Stopcyberbullying.org : Бул сайт WiredSafety.org дун кишилери тарабынан 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар үчүн маалыматтар түзүлгөн .
  • КИБЕРКУУГУНТУК - Бейбаш, 1-бөлүк UnMake кантип жана 2-бөлүгү : орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери тарабынан түзүлгөн, бул көп сериялуу коркутуп-үркүтүү менен кантип күрөшүү керек экенин көрсөтүү үчүн чалгын кино темасын колдонот.
  • Cyberbully411.org : Бул сайт балдар жана өспүрүмдөр үчүн киберкуугунтук тууралуу ата-энелер менен стратегиялык сүйлөшүү ресурстарынан турат.
  • Common Sense Медия : Бул сайт 2 жаштан 17 жашка чейинки балдар үчүн кенен кеңештерди сунуштайт.
  • KidsHealth : Бул сайт киберкуугунтук жөнүндө жакшы жалпы макаланы берет.

/en/tr_ky-internet-safety-for-kids/-social-networks/content/