Графикалык дизайн негиздери: Жайгашуу жана Композиция (Layout & Composition)

Lesson 3: Жайгашуу жана Композиция (Layout & Composition)

/en/tr_ky-beginning-graphic-design/-color/content/

Композиция деген эмне?

Көп жагынан алганда, жасалгалоо жана композиция дизайнын курулуш материалы болуп саналат. Алар сизге жумуштун структурасын берет жана багытын четинен баштап ортосундагы түзүлүш жактарына чейин оңойураак кылат,

Документти көрүү үлгүсү

Эмне үчүн композиция өтө маанилүү? Кыскача айтканда, бул мазмундун жайгалыштырыш жолу. Сиз текст, сүрөт, же графиканын ичиндеги элементтер менен ойлонбостон иштеп жаткан болсоңуз, жакшы композицияга ээ болгон жайгаштырууда сиздин жумуш негизинен талкаланып калат.

Пландоо жана композиция жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Беш негизги эрежелер.

Жайгашууну жана композицияны өздөштүрүүнүн ачкычы бул дизайнер сыяктуу ойлонуу. Бактыга жараша, айтканга караганда оңойураак. Ишиңизди өзгөртүүдө, жана дизайнды курч көз менен кароого негизги беш эреже жардам бере алат. Кийинки долбоор учурунда, аларды эсиңизге сактаңыз жана аларды колдонуунун жолдорун издеңиз.

жакындык, ак мейкиндиги, иреттөө, контраст, кайталоо

Жакындык

Жакындык бул бардык көрүнгөн аралыкты колдонуп сиздин мазмундагы мамилелерди көрсөтөт. Иш жүзүндө, бул абдан эле жөнөкөй. Бардык сиздин жасай турган нерсеңиз байланышкан элементтерди чогуу топтоштуруу (мисалы, сүрөттөр менен текстти же элементтердин блоктору, төмөнкү мисал катары).

бизнес картасы

Бири-бири менен байланышы жок топтор байланыштын жоктугун белгилөө менен бөлүнүшү керек Бардыгы толугу менен бир көз караш менен ишиңизди жеңилирээк түшүнүүгө жардам берет.

рецепт, үй-бүлө дарагы

Ак мейкиндик

Ак мейкиндик ар бир композициянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Эми, бул сөзсүз эле ак мейкиндикти билдирбейт; бул жөн гана терс мейкиндикти, сызыктардын ортосундагы, мазмундун ортосундагы боштук, ал тургай, сырткы чектер сыяктуу

кыймылсыз мүлк бизнеси

Ак мейкиндикти туура колдонуунун жолу жок, бирок анын максатын түшүнүү жакшы. Ак мейкиндик ар түрдүү бөлүмдөрдү аныктоого жана ажыратууга жардам берет; ал мазмунга дем алуу үчүн орун берет. Жумушуңуз чакчалекей же ыңгайсыз болуп сезиле баштаса, анда бир аз ак мейкиндик дарыгер буйрук нерсе болушу мүмкүн.

шыктандыруучу плакат

Иреттештирүү

Иреттештирүү бул дайыма билгениңди жаса дегенди билдирет, тушунбөсөң дагы. Эгер сиз электрондук почта терип же бир документти түзүп жатканыңызда, текст автоматтык түрдө иреттелет.

туура текст иреттөө

Объекттерди өз алдыңызча иреттештирүүдө,(мисалы, сүрөттөр же өзүнчө текст кутучалары) туура жасоо татаал болушу мүмкүн. Баарынан маанилүүсү, туруктуу болуш керек.

Мазмунуңуз тордун ичинде иретке келтирилгендигин элестетүүгө жардам берет, төмөндөгү мисал сыяктуу. Текстке карата ар бир сүрөттүн борборунда көзгө көрүнбөгөн сызык бар экенин кантип байкайбыз? Ар бир топтоо бирдей өлчөмдөгү мейкиндик, ошондой эле бир калыптагы аралыкты чектөө.

туура иреттөө диаграммасы

Майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бөлүүдө композицияны багыттоо жеңилирээк болот. Туруктуу иреттештирүү болбосо, сиздин ишиңиз жыйнаксыз сезиле башташы ыктымал.

Контраст

Контраст, тек гана бир нерсе башкалардан айырмаланып турат дегенди билдирет. Пландоодо жана композицияда, көп нерсени жасоого контраст жардам бере алат окурмандын көз жүгүртүүсүн кармоо, көркөмдүктү түзүү, сыяктуу башкача айтканда, маанилүү бир нерсеге көңүл бурууда.

Төмөндө көрсөтүлгөндөй,контрасты түзүү үчүн биз колдонулган түстү, бир нече стилдеги текстти , жана ар кандай өлчөмдөгү буюмдар берилди.Бул дизайнды бир кыйла динамикалуу түзөт, ошондуктан, көбүрөөк идеяларды жайылтууда натыйжалуу.

эскертүү белгиси

Иерархия

Контраст иерархия менен жакын бвйланышкан, көрүүчү техника ыкмасы ишиңизди багыттоого жардам бере алат. Башка сөз менен айтканда, кайдан башташ керек жана басымдардын ар кандай өлчөмдөрүн колдонуу менен кайда барыш керек.

туура текст иерархиясы

Иерархияны негиздөө жөнөкөй: Окурман адегенде кайсы элементтерди байкаш керек экенин чечиңиз, анан аларды тургузуңуз. Жогорку даражадагы же маанилүү нерселер, адатта, чоңураак, тагыраак айтканда кандайдыр бир көзгө урунарлык.

 почта карточкасынын датасын сактоо

Кайталоо

Кайталоо бул эске салуу мындайча айтканда ар бир долбоор ырааттуу көрүнөт жана сезилет. Бул кээ бир элементтерин кайталоо же жаңырык менен дизайнды бекемдөө жолдорун табуу дегенди билдирет.

PowerPoint боюнча слайд

Мисалы, эгер сизде өзгөчө түс палитрасы бар болсо, аны алып чыгып кетүү жолдорун караңыз. Эгер сизди өзгөчө башкы колонтитул катары тандап алган болсо, анда аны ар дайым колдонуңуз.

PowerPoint диаграмма слайды

Бул жөн эле эстетикалык себептерден эмес. Туруктуу болуу ишиңизди окууну жеңилирээк кыла алат. Көрүүчүлөр эмне болорун күтүп турганын билишсе, алар эс алып жана мазмун боюнча багыт алышат.

PowerPoint диаграмма слайд

Баарын бир жерге бириктирүү

Жайгаштыруу жана композиция дизайындын ырдалбаган баатырлары деп айтышыңыз мүмкүн. Алардын ролдорун карап чыгуу жеңил бирок алар сиз жасаган нерсенин бөлүгү.

жарганат белги

Сиз үйрөнгөн эрежелер кандайдыр бир долбоорду жакшыртууга жардам берет. Анын баары майда-чүйдөсүнө чейин бир аз көңүл бурсаңыз эле жакшынакай, профессионалдуу көрүнгөн композицияларды түзө аласыз.

ресторан менюсу

Композиция негиздерин үйрөнүү сизге жакты деп ишенебиз!

/en/tr_ky-beginning-graphic-design/-images/content/