Google Карталар: Google Карталарды колдонуу (Using Google Maps)

Lesson 2: Google Карталарды колдонуу (Using Google Maps)

/en/tr_ky-google-maps/google-what-is-google-maps/content/

Google Карталарды колдонуу

Google Карталар тууралуу биздин Google Карталар деген эмне? сабагыбызды көрсөңүз, демек, сиз бул кубаттуу интерактивдүү курал тууралуу көбүрөөк билгиңиз келсе керек. Google Карталар менен көп нерсе жасаса болот, анда биринчи программанын негизги функцияларын карап чыгалы, андан соң аны натыйжалуу пайдалануу үчүн кеңештер менен бөлүшөлү.

Сиз Google Карталарга браузериңиздин дарек тилкесине maps.google.com деп жазып, кире аласыз. Ошондой эле Google издөөгө жердин атын же дарегин киргизсеңиз, Google Карталарына шилтеме натыйжалардын эң жогору жагында жайгашат.

Картаны башкаруу

Картадан сизге тааныш жерди таап, аны чычкан менен чакылдатып, сүйрөңүз. Мобилдик түзмөктө картаны манжаларыңыз менен тийип, сүйрөп көрүңүз.

Компьютериңизде төмөн оң жакта жайгашкан плюс жана минус баскычтарын басып, чоңойтуп-кичирейтип көрүңүз, же чычканыңыз менен сыдырып көрүңүз. Мобилдик түзмөктөрдө, эки манжаны бириктирип чоңойтуп-кичирейтсеңер болот. Карталар менен жаңсап иштөө жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Карталар менен жаңсап иштөө боюнча Google колдоо бетинен караңыз.

Кичирейтип-чоңойтуп, сүйрөө үчүн төмөнкү картаны колдонуңуз.

Кээде Google Earth деп аталган спутник көрүнүшү картанын ордуна спутниктен алынган чыныгы сүрөттөрдү колдонот. Google карталарынын бардык функциялары спутник режиминде да иштейт. Компьютерде, төмөнкү-сол баскыч аркылуу спутник режими күйгүзүлөт. Уюлдук түзмөктөрдө, спутник режимин колдонуу үчүн издөө тилкесинин сол жагында турган меню баскычын таптоо керек. Бул параметр кайра тандалса, карта режимине кайтып келет.

Google Earth баскычы

Картадан маалымат табуу

Азыркы картаны табыш үчүн терезенин жогору жагындагы издөө тилкеси аркылуу табуу. Бул өзгөчөлүктү колдонуу үчүн кээ бир ыкмалар тууралуу бул макаланын кийинки бөлүмүндө айтылат.

Багыттар баскычы багыттар интерфейсин ачат. Google Карталар менен багыт алуу сабагыбызды караңыз.

Трафик баскычы учурдагы жол шарттарын көрсөтөт. Компьютерде бул издөө тилкесинин астында, ал эми мобилдик түзмөктөрдө анын менюсунда.

Google карталардагы издөө тилкеси

Картанын каалаган жерин чыкылдатып, бир жерди тандаңыз. Сиз издеген жер тууралуу маалымат менюнун астында жайгашат. Бул жер бизнес же коомдук мекеме болсо, чыккан маалымат мекеменин дарегин, иш сааттарын, сүрөттөрүн жана сын-пикирлерди камтыйт.

Street View болсо сиз тандаган жерди көчө көрүнүшү катары көрсөтөт. Strret View сүрөтү жөн гана алдын ала көрүү, толук көчө көрүнүшүн көрүү үчүн аны чакылдатыңыз. Сиз ошол жерде чын эле турган бирөөнүн көз карашы менен карап көрүүгө мүмкүндүк аласыз. Ал үчүн камераны жылдырыңыз.

Google Карталар боюнча жайгашкан жерди тандоо


Кеңештер жана ыкмалар

  • Өлкө же шаарга барууну пландап жатасызбы, сиз маршрутту пландоо үчүн көп функцияларды колдонсоңуз болот. Багыттар жана трафик өзгөчөлүктөрү сизге жол тандоого жардам берет. Сиз барчу жерлериңиз тууралуу менюнун астына чыккан маалыматтан алып, ал жер тууралуу көп нерсе үйрөнсөңүз болот.
  • Ал жерде эч качан болбосоңуз көчө көрүнүшүн колдонуу менен маалымат алыңыз. Сиз жөнөкөй таанымал жерлерди таап, же соода дүкөндүн маңдайынан көрө аласыздар.

Аймакты изилдөө үчүн Street View режимин чакылдатыңыз.

  • Издөө функциясы азыркы көрүлгөн аймактын ичиндеги натыйжаларды биринчи көргөзөт. Ал эч нерсе таба алган жок болсо, анда ал ага жакын жыйынтык көрсөтөт. Мисалы, "ресторан" деп издесеңиз, ал буга чейин көрсөтүп жаткан аймактагы ресторандарды көрсөтөт.

Төмөндөгү картаны "ресторан" боюнча натыйжаларды көрүү үчүн караңыз.

  • Эгер жаңы ресторан же коомдук мекеме карап жатсаңыз, бул жерлер тууралуу сүрөттөр же сын-пикирлер сизге жардым берет.

/en/tr_ky-google-maps/google-getting-directions/content/