Excel 2016 Негиздери: Excel менен ишти баштоо (Getting Started)

Lesson 1: Excel менен ишти баштоо (Getting Started)

Excel менен ишти баштоо

Excel бул электрондук жадыбал программасы, аны менен сиз маалыматты сактап, уюштуруп жана анализдей аласыз. Сиз Excel программасы татаал маалыматтар менен иштөө үчүн гана кээ бир адамдар пайдаланат деп ойлошуңуз мүмкүн, бирок бул программанын күчтүү мүмкүнчүлүктөрүн ар бир адам үйрөнсө болот. Эгер бюджеттин, окутуу таржымалдын, же эсеп-дүмүрчөктүн үстүнөн иштеп жатсаңыз, Excel дайындардын ар кандай түрлөрү менен иштөөгө шарт түзөт.

Excel тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Excel программасын таанып-билүү

Сиз мурун Excel 2010 же Excel 2013 колдонгон болсоңуз, анда Excel 2016 тааныш болушу керек. Сиз Excel менен биринчи жолу иштеп жатсаңыз же эски версияларында жакшы тажрыйбаңыз болсо, сиз алгач Excel интерфейси менен таанышууга бир аз убакыт бөлүңүз.

Excel интерфейси

Биринчи жолу Excel 2016 ачканда, Excel Старт экраны пайда болот. Бул жерден, сиз бир жаңы иш китебин ачып, калып тандап, жана жакында түзөткөн иш китептерине кире аласыз.

  • Excel Старт экранынан, Excel интерфейсин ачуу үчүн "Бош иш китебин" (Blank) басыңыз.
    Excel Старт экраны

Excel интерфейси менен тааныш болуу үчүн, төмөнкү баскычтырды чыкылдатыңыз.

  • Тасма: Excel'деги тасма жалпы милдеттерди аткаруу үчүн зарыл бардык буйруктарды камтыйт. Анын бир нече өтмөктөрү бар, ар биринде буйруктардын бир нече топтору бар.
  • Тез табуу куралдар тилкеси: Тез табуу куралдар тилкеси - кайсы өтүнмө тандалбасын, жалпы буйруктарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет. Силер артыкчылыкка жараша буйруктарды ылайыкташтыра аласыз.
  • Tell Me: Tell Me кутучасы издөө тилкесиндей иштейт жана сизге колдонгуңуз келген куралдарды жана буйруктарды тез тапканга жардам берет.
  • Microsoft Аккаунту: Бул жерден сиз Microsoft аккаунт маалыматыңызга кире аласыз, профилиңизди көрүп, аккаунттарды алмаштыра аласыз.
  • Формула тилкеси: Формула тилкесинде сиз дайындарды, формула же функцияны түзөтүп же киргизе аласыз, алар белгилүү бир клетканын ичинде пайда болот.
  • Кутуча аты (Name Box): Кутуча аты тандалган уячанын жайгашкан жерин, же аты-жөнүн көрсөтөт.
  • Тилке: Тилке бул беттин жогору жагынан төмөн жагына качкан уячалардын топтому. Excel'де, тилкелер тамгалар менен аныкталат.
  • Уяча: Иш китептеги ар бир тик бурчтук уяча деп аталат. Уяча бул сап менен тилкенин келилиши. Жөн гана уячаны тандоо үчүн чыкылдатыңыз.
  • Сап: Сап бул беттин сол жагынан оң жагына чуркаган уячалардын топтому. Excel'де, саптар катар саны менен аныкталат.
  • Иш барактары: Excel файлдары иш барактары деп аталат. Ар бир иш-китеби бир же бир нече иш-барактарынан турат. Алардын арасында которулуу үчүн өтмөктөрдү чыкылдатыңыз, же көбүрөөк мүмкүнчүлүк алыш үчүн чычкандын оң жагын чыкылдатыңыз.
  • Иш барактарын көрүү варианттары: Иш-барактарын көрүү үчүн үч жолу бар. Жөн гана буйруктар тилкесин басып, каалаган көрүнүштү тандаңыз.
  • Кийирейтип-чоңойтууну (Zoom) көзөмөлдөө: Ал үчүн сыдырманы чыкылдатып, сүйрөңүз. Сыдырманын оң жагындагы сан кйирейтип-чоңойтуунун пайызын чагылдырат.
  • Тик жана туура сыдыруу тилкелери: Сыдыруу тилкелери аркылуу сиз жогорудан ылдый, бир беттен экинчи бетке сыдыра аласыз. Ал үчүн тигинен же туурасынан чыдыруу тилкесин чыкылдатып, жылдырыңыз.

Excel чөйрөсү менен иштөө

Тасма жана Тез табуу куралдар тилкеси аркылуу Excel'деги жалпы милдеттерди аткаруу үчүн буйруктарды таба аласыз. Экрандын арткы көрүнүшү сизге сактоонун, файлды ачуунун, басып чыгаруунун жана документ менен бөлүшүүнүн ар кандай ыкмаларын берет.

Тасма

Excel 2016 салттуу менюнун ордуна тасма системасын колдонот. Тасма бир нече өтмөктөрдү, буйруктардын бир нече топторун камтыйт. Сиз Excel'де көпчүлүк жалпы милдеттерди аткаруу үчүн бул өтмөктөрдү колдоносуз.

  • Ар бир өтүнмөнүн ичинде бир нече топтору бар.
    Тасмадагы топтор
  • Кээ бир топтордун ичинде жебеси бар, аны чыклдатып, көп варианттарды ача аласыз.
    Кээ бир топтордун кошумча тандоолор үчүн менюсу бар
  • Көп буйруктарды ачуу үчүн өтмөктү чыкылдатыңыз.
    Тасмадагы өтмөктөр
  • Сиз тасманын кандайча көрүнөөрүн Тасма Көрсөтүү Жолдорунан туураласаңыз болот.
    Тасма Көрүнүшү Параметрлери менюсу

Adobe Acrobat Reader сыяктуу кээ бир программалар тасмага кошумча өтмөктөрдү орното алат. Мындай өтмөктөр кошумча модулдар деп аталат.

Тасма Көрүнүшү Жолдорун өзгөртүү үчүн:

Тасмалар учурдагы тапшырмага жооп берүү үчүн иштелип чыккан, бирок сиз өтө көп экран орунду ээлейт десеңиз, аны азайтууну тандай аласыз. Тасманын Көрсөтүү Жолдору жогорку-оң бурчундагы жебени чыкылдатып, жайылма менюну чыгарыңыз.

Тасма Көрүнүшү Параметрлери менюсу

Тасма Көрсөтүү Жолдору менюсунун үч түрү бар:

  • Тасманы авто-жашыруу: Авто-жашыруу толук экран режиминде сиздин иш барагыңызды көрсөтүп, толугу менен тасманы жашырат. Тасманы көрсөтүү үчүн, экрандын жогору жагындагы Тасманы жайып көрсөтүү буйругун чыкылдатыңыз.
    Тасманы авто-жашыруу
  • Өтмөктөрдү көрсөтүү: Бул опция бардык колдонулбаган буйруктарды жашырат, бирок өтмөктөр көрүнүп турат. Тасманы көрсөтүү үчүн, жөн гана өтмөктү басыңыз.
    Өтмөктөрдү көрсөтүү жөндөөлөрү
  • Өтмөк жана Буйруктарды көрсөтүү: Бул параметр Тасманы жогорулатат. Бардык өтмөктөр жпнп буйруктар көрүнүп турат. Биринчи жолу Excel ачып жатсаңыз бул параметр демейки боюнча тандалат.

Тез табуу куралдар тилкеси

Тасманын үстүндө жайгашкан Тез табуу куралдар тилкеси сизге кайсы өтмөк тандалбасын жалпы буйруктарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет. Алдын ала, ал Сактоо, Жокко чыгаруу жана Кайталоо буйруктарын камтыйт. Сиз каалооңузга жараша башка буйруктарды кошо аласыз.

Тез табуу куралдар тилкесине буйруктарды кошуу үчүн:

  1. Тез табуу куралдар тилкесиин оң жагындагы жайылма жебени чыкылдатыңыз.
  2. Ылдый түшүүчү менюдан кошуу үчүн каалаган буйрукту тандаңыз. Көп буйруктардан тандоо үчүн, көбүрөөк буйруктарды тандаңыз.
    Тез табуу куралдар тилкесинин менюсун өзгөчөлөштүрүү үчүн
  3. Буйруктар Тез табуу куралдар тилкесине кошулат.
    Тез табуу куралдар тилкесинин жаңы буйругу

Tell Me'ни кандай колдонуу керек:

Tell Me кутучасы издөө тилкесиндей иштейт, жана сиз колдонууну каалаган буйруктарды жана куралдарды тапканга жардам берет.

Тасмадагы Tell Me кутучасы
  1. Эмне кылгыңыз келгенин өз сөзүңүз менен жазыңыз.
    Tell Me кутучасында издөө сөздөрүн терүү
  2. Натыйжалар сизге бир нече тиешелүү ыкмаларды берет. Аларды колдонуу үчүн, Тасмадагы буйрукту чыкылдатыңыз.
    Tell Me тилкесиндеги натыйжалар

Иш барагы көрүүлөрү

Excel 2016 сиздин иш барактарыңыз ар түрдүү көрүнө алат. Бул көрүүлөр ар кандай милдеттер үчүн пайдалуу болушу мүмкүн, мисалы жадыбалды басып чыгаргыңыз келсе. Иш барактын көрүнүшүн өзгөртүү үчүн, Excel терезесинин төмөнкү-оң бурчундагы буйруктарды таап, Жөнөкөй көрүнүш, Баракча калыбы көрүнүшү же барак аягы көрүнүшүн тандаңыз.

Иш-китеби көрүнүшүндөгү буйруктар
  • Жөнөкөй көрүнүн Excel'дин бардык иш барактары үчүн демейки көрүнүш болуп саналат.
    Жөнөкөй көрүнүш
  • Баракча калыбы көрүнүшү иш баркатары басылып чыкканда кандай болсо, ошондой көрсөтөт. Ошондой эле бул көрүнүштө жогорку жана төмөнкү колонтитулдарды кошууга болот.
    Барак калыбы көрүнүшү
  • Барактын үзүлүшү көрүнүшүндө барактын үзүлүү жерлерин өзгөртүүгө болот, өзгөчө көп дайындарды басып чыгарууда абдан пайдалуу.
    Барак үзүлүшү көрүнүшү

Экран артындагы көрүнүш

Экран артындагы көрүнүш чизге сактоого, файл ачууга, басып чыгарууга жана жадыбалдарыңыз менен бөлүшүүгө шарт түзөт.

Экран артындагы көрүнүшкө мүмкүнчүлүк алуу үчүн:

  1. Тасмадагы файл өтмөгүн чыкылдатыңыз. Экран артындагы көрүнүш пайда болот.
    Экран артындагы көрүнүшүнө баруу үчүн Тасмадагы файлды чыкылдатыңыз.

Экран артындагы көрүнүш тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү баскычтарды басып көрүңүз.

  • Excel'ге кайтуу: Сиз жебени колдонуп Экрандын арткы көрүнүшүн жаап, Excel кайта аласыз.
  • Маалымат: Сиз Экрандын арткы көрүнүшүн ачкан сайын Маалымат (Info) панели пайда болот. Бул учурдагы иш-китеби жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
  • Жаңы (New): Бул жерден сиз жаңы бош иш-китебин ача аласыз же көп үлгүлөрдөн тандай аласыз.
  • Ачуу (Open): Бул жерден, сиз OneDrive'да же компьютериңизде сакталган иш-китептерин же акыркы сакталган китептериңизди ача аласыз.
  • Сактоо жана Катары сактоо: Сактоо жана катары сактоо колдонуп компьютериңизге жана OneDrive'га иш-китептериңизди сактап коюңуз.
  • Басып чыгаруу: Басып чыгаруу панелинен басып чыгаруу жөндөөлөрүн өзгөртүп жана иш-китебиңизди басып чыгара аласыз. Ошондой эле иш-китебиңизди алдын-ала көрө аласыз.
  • Бөлүшүү (Share): Бул жерден сиз башка адамдарды файлды көргөнгө жана документтин үстүнөн бирге иштешүүгө чакыра аласыз. Сиз ошондой эле иш-китепти тиркеме катары элеткрондук почтадан бөлүшө аласыз.
  • Экспорт: Сиз бул жерден иш-китебиңизди PDF / XPS же Excel 1997-2003 же башка формат катары экспорттой аласыз.
  • Жарыялоо: Бул жерден, сиз иш-китебиңизди Microsoft'тун Excel иш китептери үчүн булут-бөлүштүрүү кызматы Power BI'ге жарыяласаңыз болот.
  • Жабуу: учурдагы иш-китепти жабуу үчүн бул жерди басыңыз.
  • Аккаунт: Аккаунт панелинен сиз Microsoft аккаунт маалыматына мүмкүнчүлүк аласыз жана темаңызды жана фонду өзгөртүп, аккаунтуңардан чыгып кете аласыз.
  • Параметрлер: Бул жерден ар кандай Excel параметрлерин, жөндөөлөрдү, тил параметрлерин өзгөртө аласыз.

Өзүңүздү текшерүү!

  1. Excel 2016 ачуу
  2. Жаңы электрондук жадыбалды ачуу үчүн Бош Иш-китебин чыкылдатыңыз.
  3. Өтмөктөрдү көрсөтүү үчүн Тасма Көрсөтүү Жолдорун өзгөртүү.
  4. Тез табуу куралдар тилкесин колдонуп, Жаңы, Тез басып чыгаруу жана орфографиялык текшерүүнү кошуу үчүн чыкылдатыңыз.
  5. Tell Me тилкесинен Түс (Color) сөзүн териңиз. Түс толтуруу (Fill Color) үстүнө алып барып, сары өңдү тандаңыз. Бул сары менен уячаны толтурат.
  6. Иш-китептер көрүнүшүн Баракча калыбы параметрине өзгөртүңүз.
  7. Бүткөндөн кийин, экраныңыз ушул сыяктуу болушу керек:
    Excel сыноосуна катышуу
  8. Тасма Көрүнүш параметрлерин кайра Өтмөк жана Буйруктарга өзгөртүңүз.
  9. Excel'ди жабыңыз жана өзгөртүүлөрдү сактабаңыз.

/en/tr_ky-excel-2016/onedrive-/content/