Excel 2016 Негиздери: Сан форматтары деген эмне? (Number Formats)

Lesson 8: Сан форматтары деген эмне? (Number Formats)

/en/tr_ky-excel-2016/-formatting-cells/content/

Сан форматтары деген эмне?

Сиз качан жадыбал менен иштеген сайын, туура сан форматтарын колдонуу жакшы идея болуп саналат. Сан форматтары сиздин жадыбалга дайындын түрүн көрсөтөт, мисалы пайыздар (%), акча ($),убакыт, даталар жана башка.

Excel сан фоматтары жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Эмне үчүн сан форматтарын колдонуу керек?

Сан форматтары аркылуу жадыбалыңызды окуу жеңил гана болуп калбайт. Ошондой эле, иш-китепти колдонуу жеңилдейт. Сиз качан сан форматын колдонгондо сиз иш-китепке ал уячанын ичинде эмне жайгашканын айтып турасыз. Мисалы,күндөр форматы жадыбалга сиз өзгөчө жылнаама күндөрүн киргизээриңизди айтып турат. Бул сиздин иш-китебиңизге дайындарды жакшыраак түшүндүргөнгө мүмкүндүк берет жана сиздин дайындарыңыз туура жайгашып, формулалар туура иштешине жардамын берет.

Эгер белгилүү бир сан форматынын кереги жок болсо, анда электрондук жадыбал, адатта, демейки боюнча жалпы сан форматын колдонот. Бирок, жалпы формат дайындарыңызга кичине өзгөртүүлөрдү колдоно алат.

Сан форматтарын колдонуу

Башка формат түрлөрүндөй эле, мисалы арип түсүн өзгөртүү сыяктуу эле сиз да сан форматтарын колдоно аласыз. Сан форматтарын тандоонун эки негизги жолу бар:

  • Башкы өтмөккө барып, төмөн түшкөн менюдан Сан Форматын тандаңыз.
    Сан формат менюсу
  • Ошондой эле сиз тез сан форматтоо буйруктарын түшмө менюсунан колдоно аласыз.
    Сан форматтоо тез буйруктары

Ошондой эле, сиз каалаган уячаларды тандап жана Ctrl+1 басып, дагы көбүрөөк сан форматтоо параметрлерине мүмкүндүк аласыз.

Бул мисалда, биз акча белгилерин ($) колдондук жана эки орундуу сандардын форматын тандадык.

Валюталар форматын колдонуу

Эгер сиз сан форматтоосу менен уячаларды тандасаңыз, сиз формула тилкесинде уячанын чыныгы баасын көрө аласыз. Электрондук жадыбал бул бааларды формулага жана эсептерде колдонот.

Формула тилкесиндеги чыныгы мааниси

Сан форматтарын туура колдонуу

Сан форматтоосу уячалардын тандагандан жана форматты колдонуудад да - орчундуу деп саналат. Электрондук жадыбалдар, чынында,сиз дайындарды киризгенге жараша автоматтык түрдө сан форматтарын колдоно алат. Бул программа түшүнгөндөй дайындарды киргизүү керек дегенди билдирет жана ошол уячалар туура сан форматын колдонуп жатканына ишениңиз. Мисалы, төмөнкү сүрөттө сан форматтарын даталарга, пайыздарга жана убакыттарга кантип колдоноору тууралуу көрсөтүлгөн:

Электрондук жадыбалдардагы сан форматтоосу боюнча мыкты тажрыйбалар диаграммасы.

Эми сиз сан форматтары кандай иштээрин билесиз жана башка сан форматтары кандай иштээрин көрөлү.

Пайыз форматтары

Абдан пайдалуу сан форматтарынын бири пайыз (%) форматы болуп саналат. Бул, мисалы, 20% же 55% пайыздык сыяктуу маанилерди көрсөтөт. Бул өзгөчө салыктарды, же чай тыйындарын эсетпөөдө өзгөчө пайдалуу. Сиз бир пайыз белгисин сандан кийин (%) тергенде, пайыздык сан форматы автоматтык түрдө уячага колдонулат.

Excel 2013 скриншоту

Сиз математика сабагынан билгендей, пайыздар сан катары да жазылат. Ошондуктан 15% буларга барабар: 0,15, 7,5% 0,075, 20%, 0.20, 55% = 0,55 ж.б.у.с. Сиз бул сабакты биздин Математика үйрөткүчтөрүбүздө пайыздарды ондукка айлантуу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн карап чыгыңыз.

Пайыздык форматтоо пайдалуу болчу көп жолдору бар. Мисалы, төмөнкү сүрөттөрдөн, сатуудан алынган саылк баасы эки жадыбалда эки башка формат менен турганын байкаңыз.

Пайздык форматтоого негизделгент туура жана туура эмес эсептөөлөр.

Көрүнүп тургандай, сол жадыбалдагы эсептөө туура эмес иштеди. Пайыздык сан форматы жок, биздин электрондук жадыбал 5 санына көбөйтүп салды. Ал эми оң жактагы жадыбал пайыз форматтоосу жок иштеп жатса да, ортодогу жадыбал оңоюраак окулат.

Дата форматтары

Сиз даталар менен иштеп жаткан болсоңуз, сиз өзгөчө календарь даталарын колдонгуңуз келет, мисалы 15-июль, 2014-жыл. Дата форматтары күчтүү дата функциялары менен да иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Электрондук жадыбалдар маалыматты адам түшүнгөндөй түшүнбөйт. Мисалы, сиз уячага Октябрь деп терсеңиз аны жадыбал дата катары жазып жатканыңызды түшүнбөйт жана текст катары кабыл алат. Анын ордуна дата жазсаңыз, сиз жадыбал түшүнгөн форматты колдонушуңуз керек, мисалы ай/күн/жыл же күн/ай/жыл. Төмөндөгү мисалда, 12 Октябрь 2014 жылды биз 10/12/2014 деп жазабыз. Биздин жадыбал аны автоматтык түрдө дата сан форматты колдонуп уячаны толтурат.

Excel 2013 скриншоту

Азыр биз датаны туура форматтагандан кийин, биз бул дайындар менен дагы көп нерсе жасай алабыз. Мисалы, биз автоматтык түрдө уячаларды толтуруу функциясын колдонуп, башка күндөр тилкеде чыгуусун жасасак болот.

Excel 2013 скриншоту
Excel 2013 скриншоту

Эгер дата форматтоо автоматтык түрдө иштебесе, демек ал сиз киргизген дайындарды түшүнгөн жок. Төмөнкү мисалда, биз 15-март деп тердик. Электрондук жадыбал биз датаны жазганыбызды түшүнгөн жок жана жалпы сан форматын колдонду.

Excel 2013 скриншоту

Башка жагынан алганда, биз 15-март деп терсек ( "th" жок), анда электрондук жадыбал аны дата катары таанып, кабыл алат. Ал жылды камтыбагандыктан, электрондук жадыбал автоматтык түрдө бүгүнкү күнкү жылды колдонот, ошондуктан дата бардык керек маалыматка ээ болот. Ошондой эле биз датаны бир нече жол менен жазсак болот, мисалы, 3/15, 3/15/2014, же 15-март 2014, ошондой болсо да электрондук жадыбал аларды дата катары кабыл алат.

Төмөндөгү даталарды жадыбалга терип, дата форматы автоматтык түрдө колдонулдубу - текшериңиз.

  • 10/12
  • Октябрь
  • 12-Октябрь
  • Октябрь 2016
  • 10/12/2016
  • Октябрь 12,2016
  • 2016
  • 12-чи Октябрь

Башка дагы дата форматтоо параметрлери

Башка форматтоо параметрлерине мүмкүндүк алуу үчүн, Сан Форматтоону менюдан таап, Дагы Сан ФОрматтарын тандаңыз. Бул параметрлер датаны башкача чагылдырууга шарт тзүт, мисалы жуманын күнүн кошуп, же жылды алып салып.

Excel 2013 скриншоту

Уячаларды форматтоо диалог кутучасы пайда болот. Бул жерден сиз каалаган дата форматтоо параметрин тандап аласыз.

Excel 2013 скриншоту

Формула тилкесинде көрүнүп тургандай, биз киргизген дата, уячанын ичиндеги датаны өзгөртпөйт. Ал жөн гана көрсөтүлгөнүн өзгөртөт.

Excel 2013 скриншоту

Сан форматтоо ыкмалары

Бул жерде сан форматтоонын ыкмалары:

  • Сан форматтарын тилкенин барына колдонуңуз: Эгер сиз дата же пайыздар сыяктуу дайындарды бир тилкеде колдоном деп пландасаңыз, тилени тандап жана каалаган сан форматын колдонсоңуз жеңил болушу керек. Бул жол менен бул тилкеге кошкон каалган дайындар келечекте туура сан форматына ээ болот. Баш-сап адатта сан форматоосуна дуушар болбойт.
    Excel 2013 скриншоту
  • Сан форматтоосун колдонгондон кийин маанилериңизди кош чыкылдатыңыз. Мисалы, 5 мааниси бар уячага пайызды (%) колдонсо ал 5% эмес, 500% болот. Бул учурда, ар бир уяча үчүн маанилерди кайрадан киргизип чыгууңуз керек.
    Excel 2013 скриншоту
  • Сиз уячага сан форматтоо формуласын киргизсеңиз, иш-барак автоматтык түрө ушундай сан форматтоону жаңы уячага колдонушу мүмкүн. Мисалы, сиз валюта форматтоо формуласын колдоносңуз, эсептелген маани валюта сан форматын колдонот.
    Excel 2013 скриншоту
  • Эгер сиздин маалымат өзгөрбөй уячада жайгашуусу үчүн текст саны форматын колдонуңуз. Бул формат эсептөөлөр кереги жок нерселерге жакшы,мисалы телефон номурлары, почта индекстери, же 0, 02415 сандары Бул уячаларга дайындарды жаза электен мурун мыкты натыйжа үчүн текст саны форматы кылып оңдоп коюш керек.

Ондуктарды көбөйтүү жана азайтуу

Ондуктарды көбөйтүү жана азайтуу буйруктары сизге канча ондуктар уячада жайгашуусун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Бул буйруктар уячанын маанисин өзгөртө албайт;

Ондуктарды көбөйтүү жана азайтуу буйруктары

Ондукту азайтса ал маанини тегеректеп коёт, бирок уяча ичиндеги чыныгы маани формула тилкесинде көрсөтүлөт.

Сан тегеректелиши мүмкүн

Ондуктарды көбөйтүү жана азайтуу буйруктары Дата жана бөлчөктөр форматтарында иштебейт.

Өзүңүздү текшериңиз!

  1. Биздин практикалык иш-китебибизди ачыңыз.
  2. D2 уячага бүгүнкү атаны жазып, Enter басыңыз.
  3. D2 уячасын чыкылдатып, ал Дата сан форматын колдонуп жатканын текшериңиз. Башка дата форматына өзгөртүңүз.
  4. D2 уячасында Форматтоо уячалар диалог кутусун колдонуп, 14-март-12 дата форматын тандаңыз.
  5. D8 уячадагы сатуу салыгын пайыз форматына өзгөртүңүз.
  6. Валюта форматын В тилкесинин барына колдонуңуз.
  7. D8 уячасына ондуктарды көбөйтүү жана азайтуу буйругун колдонуп, ондуктарды 1 кылып өзгрткүлө.Ал эми 7,5% чагылдырышы керек.
  8. Бүткөндөн кийин, сиздин электрондук жадыбал ушул сыяктуу болушу керек:
    Сан форматтары чакырыгы

/en/tr_ky-excel-2016/-multiple-worksheets/content/