Excel 2016 Негиздери: Функциялар (Functions)

Lesson 16: Функциялар (Functions)

/en/tr_ky-excel-2016/-cell-references/content/

Функциялар

Функция бул өзгөчө маанилерди белгилүү тартипте эсептеген формула. Excel көптөгөн функцияларды камтыйт, алар менен тез сумманы, орто сумманы, эң жогорку жана кичине маанини тапканга жардам бере алат. Функцияларды туура колдонуш үчүн сиз функциянын ар кандай бөлүмдөрүн түшүнүп жана маанилерди эсептөө үчүн аргумент түзгөндү билишиңиз керек.

Кошумча: Биздин практикалык иш-китебибизди көчүрүп алыңыз.

Функциялар менен иштөө жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Функция бөлүктөрү

Туура иштеш үчүн, функция өзгөчө жол менен жазылышы керек, ал синтаксис деп аталат. Функцияга жөнөкөй синтаксис - бул барабар белгиси (=), функция аты (мисалы, SUM), ошондой эле бир же бир нече аргументтер. Аргументтер сиз эсептегенди каалаган маалыматты камтыйт. Төмөнкү мисалдагы функция A1: A20 маанилерин кошот.

= SUM (A1: A20)

Аргументтер менен иштөө

Аргументтер жеке уячаларга жана уяча диапазондорго шилтеме берет жана кашаанын ичине камтылышы керек. Сиз бир же бир нече аргументти камтысаңыз болот, ал функцияга синтаксистен көз каранды.

Мисалы, функция = ОРТО САН (B1: B9) болсо B1: B9 уяча диапазонундагы маанилердин орто санын эсептейт. Бул функциянын бир гана аргументи бар.

Бир аргументи бар функция

Бир нече аргументтер үтүр менен ажыратылууга тийиш. Мисалы = SUM(A1: A3, С1: C2, E1) функциясы бардык уячалардын маанилерин үч аргументке кошот.

Бир нече аргументи бар функциялар

Функцияны түзүү

Excel'де жеткиликтүү милдеттерин көп түрү бар. Бул жерде сиз колдоно алган жалпы функциялар бар:

  • SUM: Бул функция уячадагы бардык маанилерди аргументте кошот.
  • Average: Бул функция аргументте камтылган маанилердин орто санын аныктайт. Бул уячалардын суммасын санап жана маанини уячалрдын санына бөлөт.
  • COUNT: Функция уячалардын санын эсептейт. Бул функция уяча диапазонундагы нерселерди санаганга пайдалуу.
  • MAX: Бул функция уяча маанинин эң жогорку маанисин аныктайт.
  • MIN: Бул функция уяча маанинин эң төмөнкү маанисин аныктайт.

AutoSum буйругун колдонуу менен функцияны түзүү үчүн:

AutoSum буйругу сизге автоматтык түрдө формулаңызга жалпы функцияларды кошот, мисалы SUM, AVERAGE, COUNT, MIN, жана MAX. Төмөнкү мисалда биз SUM функциясын колдонуп, жакында буйрутма менен алынган нерселердин тизмесинин жалпы суммасын эсептейбиз.

  1. Функцияны камтыган уячаны тандаңыз. Биздин мисалда, биз D13 уячасын тандайбыз.
    уячаны тандоо
  2. Башкы өтмөктүн түзөтүү тобунда жайгашкан жебени басыңыз. Ал AutoSum буругунун жанында турат. Кийинкиси, жайылма менюдан каалаган функцияны тандаңыз. Биздин мисалда, биз SUM тандайбыз.
    Функцияны тандоо
  3. Excel функцияны уячага жайгаштырып, жана автоматтык түрдө аргументке уяча диапазонун тандайт. Биздин мисалда, D3: D12 уячалары автоматтык түрдө тандалган. Алардын мааниси жалпы сумманын эмептөө үчүн кошулат. Эгер Excel туура эмес уяча диапазонун тандаса, сиз кол менен каалаган уячаны аргументке киргизе аласыз.
    Функция аргумент
  4. Баскычтоптон Enter баскычын басыңыз. Функция эсептелип, жана натыйжа уячада пайда болот. Биздин мисалда D3:D12 уячалрдын суммасы $765,29 болот.
    Функция жыйынтыгы

AutoSum буйругу да Тасмадан Формулалар өтмөгүнөн жеткиликтүү.

Формулалар өтмөгүндөгү AutoSum буйругу

Функцияны кол менен киргизүү үчүн:

Эгер сиз мурда эле функциянын атын билсеңиз, анын атын өзүңүз тере аласыз. Төмөнкү мисалда. биз AVERAGE функциясын колдонуп ар бир топ үчүн сатылган бирдиктердин орто санын эсептейбиз.

  1. Функцияны камтыган уячаны тандаңыз. Биздин мисалда, биз C10 уячасын тандайбыз.
    уячаны тандоо
  2. Барабар белгисин (=) териңиз, жана каалаган функциянын атын жазыңыз. Ошондой эле сиз каалган функцияны функция тизмесинен тандап алсаңыз болот. АЛ тизме сиз терип баштаганда чыгат. Биздин мисалда, биз =AVERAGE деп теребиз.
    Функция аталышын киргизүү
  3. Уяча диапазонун кашаанын ичине киргизиңиз. Биздин мисалда, биз C3: C9) деп теребиз. Бул формула С3:C9 маанилерин кошуп, диапзондогу маанилердин санына бөлөт.
    Аргумент киргизүү
  4. Баскычтоптон Enter басыңыз. Функция эсептелет, жана натыйжа уячада пайда болот. Биздин мисалда, орто саны 849 болуп саналат.
    Функция жыйынтыгы

Excel сиздин формулада ката бар экенин айтпайт, ошондуктан өзүңүз текшерип туруңуз. Муну кантип кылууну үйрөнгүңүз келсе, Excel Формулалары үйрөткүчүбүздөгү Формулаңызды кош текшериңиз сабагыбызды карап чыгыңыз.

Функциялар китепканасы

Excel'де жүздөгөн функциялар бар. Ар бир функцияны үйрөнүүнүн кажети жок, бирок кээ бир функцияларды үйрөнүп алсаңыздар жаңы долбоорлор менен иштөөгө жардам берет. Сиз ыункцияларды категория менен серептөө үчүн Функциялар китептканасын колдоно аласыз, мисалы Каржы, Логикалык, Текст, Дата жана убакыт.

Функция китепканасына мүмкүндүк алуу үчүн Тасмадан Формула өтмөгүн тандаңыз. Функция Китепканасын издеңиз.

Төмөнкү интерактивдин баскычтарын чыкылдатып Excel'дин ар кандай функцияларын үйрөнүңүз.

  • Функцияны кошуңуз: Эгер сиз туура функцияны таба албай жатсаңыз, Функцияны кошуу буйругу ачкыч сөздөрдү колдонуп функцияларды издөөгө мүмкүндүк берет.
  • AutoSum буйругу: AutoSum буйругу сизге автоматтык түрдө натыйжа алууга жардам берет, мисалы: SUM, AVERAGE, жана COUNT
  • Жакында колдонулган: Жакында колдонулган буйругу сизге жакныда колдонулган функцияларга мүмкүндүк берет.
  • Каржылык: Каржылык категория каржылык эсептөөлөр үчүн функциялар бар, мисалы төлөмдү аныктоо (PMT) же карызга пайыздык ченди аныктоо (RATE)
  • Логикалык: Логикалык категориядагы функциялар аргументтердин маанисин же шартын текшерет. Мисалы, буйрутма $ 50 ашык болсо, ага $ 4.99 жеткирүү кызматын кошуш керек. Эгер $100 көп болсо, жеткирүү кызматын бекер кылуу (IF)
  • Текст: Текст категориясындагы функциялар тексттер менен иштейт жана ар кандай тапшырмаларды аткарат, мисалы текстти кичине тамгаларга конвертация кылат (LOWER) же текстти алмашытрат (REPLACE)
  • Дата жана убакыт: Дата жана убакыт категорияcы дата жана убакыт менен иштеген функцияларды камтыйт жана учурдагы убакыт жана дата(NOW) же секунддар (SECOND) сыяктуу натыйжаларды берет.
  • Маалымат издөө жана шилтеме берүү: Бул категорияда камтылган функциялар маалыматты издеп, ага шилтеме беришет. Мисалы, уячага гипершилтеме (HYPERLINK) кошо аласыз, же кээ бир сап жана тилкенин кесилиш маанисин көрсөтө алат (INDEX)
  • Математика жана Trig: бул категорияда сан аргументтери боюнча функциялар бар. Мисалы, сиз тееректелген маанилерди таба аласыз (ROUND), Pi маанилерин табасыз (PI), көбөйтө аласыз (PRODUCT) жана арадагы сумманы табасыз (SUBTOTAL)
  • Көбүрөөк Функциялар: дагы кошумча функцияларды бул категориялардан табасыз.

Функция китепканасынан функцияны кошуу үчүн:

Бул мисалда биз COUNTA функциясын колдонуп, Нерселер тилкесиндеги нерселердин жалпы санын билебиз. COUNT айырмаланып, COUNTA,аркылуу каалаган дайындары бар уячаларды көчүрсө болот.

  1. Функцияны камтыган уячаны тандаңыз. Биздин мисалда, биз B17 уячасын тандап алабыз.

    Уяча тандоо

  2. Тасмадан Функциялар китепканасына жетүү үчүн Формулалар өтмөгүн чыкылдатабыз.
  3. Функциялар китепканасынан каалаган функция категориясын тандаңыз. Биздин мисалда, биз Көбүрөөк Функцияларды тандап анан Statistical үстүнө курсорду алып барабыз.
    Көбүрөөк Функцияларды тандоо / Статистикалык буйрук
  4. Ачылуучу менюдан каалаган функцияны тандаңыз. Биздин мисалда, биз COUNTA функциясын тандайбыз, ал Нерселер тилкесиндеги бош эмес уячалардын санын эсептейт.
    COUNTA функциясын тандоо
  5. Функция аргументтери диалог кутучасы пайда болот. VALUE1 тилкесин тандап, андан кийин каалаган уячалрды тандаңыз же киргизиңиз. Биздин мисалда, биз A3:A12 уяча диапазонун киргизебиз. Сиз VALUE2 талаасына аргументтерди кошо берсеңиз болот, бирок мындайда А3: A12 уяча диапазонундагы уячалар санын эсептегибиз келет.
  6. Канааттанган болсоңуз, OK чыкылдатыңыз.
    Функция аргумент
  7. Функция эсептелет жана натыйжасы уячада пайда болот. Биздин мисалда, натыйжада 10 нерсеге буйрутма берилиптир.
    Функция жыйынтыгы

Функцияны кыстаруу буйругу

Функция Китепканасы функцияларды серептөө үчүн мыкты жер болгону менен, кээде өзүңүз издегениңиз туура болушу мүмкүн. Функцияны кыстаруу буйругун колдонуп аны аткара аласыз.Бираз көнүшүңүз керек, каталар болот, бирок тажрыйба топтогон сайын Функцияны кыстаруу буйругу функцияны тез табыш үчүн кубаттуу жолу болушу мүмкүн.

Функцияны кыстаруу буйругун колдонуу үчүн:

Төмөндө көрсөтүлгөндөй, биз буйрутма берилген соң канча иш күндө келгенин саноо үчүн функцияны тапкыбыз келип жатат. Биз E жана F тилкелериндеги даталарды колдонуп, G тилкесиндеги жеткирүү күндөрүн эсептейбиз.

  1. Функцияны камтыган уячаны тандаңыз. Биздин мисалда, биз G3 уячасын тандап алдык.
    уячаны тандоо
  2. Тасмадагы формулалар өтмөгүн чыкылдатып, анна Функцияны кыстаруу буйругун чыкылдатыңыз.
    Функция буйргун кыстаруу
  3. Функцияны кыстаруу диалог кутучасы пайда болот.
  4. Сиз функцияны иштетүү үчүн кандай эсептөөнү кааласаңыз, ошого жараша ачкыч чөздөрдү жазып баштаңыз жана Go баскычын чыкылдатыңыз. Биздин мисалда биз Count Days деп теребиз, бирок сиз дагы башка функцияларды издесеңиз болот.
    Функция издөө
  5. Каалаган функцияларды табыңыз жана ОК басыңыз. Биздин мисалда, биз NETWORKDAYS тандайбыз, ал буйрутма түшкөн күндү жана жеткирилген күндүн ортсоундагы иш күндөрдү эсептейт.
    Функция тандоо
  6. Функция Аргументтери диалог кутучасы пайда болот. Бул жерден, сиз уячалрды тандап же киргизе аласыз. Биздин мисалда, биз E3 уячасын START_DATE талаасына жана F3 END_DATE талаасына киргизебиз.
  7. Канааттанган болсоңуз, OK чыкылдатыңыз.
    Функция аргумент
  8. Функция эсептелет жана натыйжасы уячада пайда болот. Биздин мисалда, натыйжада буйрутма 4 иш күнүндө келди деп көрмөтүп жатат.
    Функция жыйынтыгы

Формулаларга окшоп, функциялар чектеш уячаларга көчүрүлө алат. Жөн гана функцияны камтыган уячаны тандаңыз анан сиз толтурууну каалган уячалрдын үстүнө алып барыңыз. Функция көчүрүлөт, жана ал уячалардын маанилери эсептелет.

толтуруу туткасын колдонуу

Көбүрөөк билиш үчүн:

Эгер негизги функцияларды түшүнсөңүз, сиз VLOOKUP сыяктуу өнүккөн функцияларды колдонуп көрүңүз. Биздин Excel'дин VLOOKUP функциясын кантип колдонсо болот? макалабызды көбүрөөк маалымат алуу үчүн окуңуз.

Мындан да көп функциялар тууралуу билгиңиз келсе, биздин Excel Формулалары үйрөткүчүнө баш багыңыз.

Өзүңүздү текшериңиз!

  1. Биздин практикалык иш-китебибизди ачыңыз.
  2. Иш-китептин төмөнкү-сол жагындагы Чакырыкты чыкылдатыңыз.
  3. F3 уячасына B3: E3 уячаларындагы төрт нерсенин орто суммасын эсептеген функция кошуңуз.
  4. F3 уячасын толтуруу туткасын колдонуп, аны F4:F17 уячаларына көчүрүңүз.
  5. B18 уячасында, AutoSum колдонуп B3:B17 уячаларындагы эң аз сумманы эсептеген формуланы иштетиңиз.
  6. B19 уячасында,Функция китепканасын колдонуп, B3:B17 уячаларынын орсо суммасын эсептеген функция кошуңуз.Жардам: Орто функцияны Көбүрөөк Функциялар> Statistical өтүп,тапсаңыз болот.
  7. B20 уячасында B3:В17 уячаларындагы эң жогорку сумманы эсептөө үчүн функция кошуңуз.
  8. B18: B20 уячаларын тандаңыз, анан толтуруу туткасын пайдаланып, азыр эле түзгөн үч функцияны көчүрүңүз.
  9. Бүткөндөн кийин, сиздин иш китебиңиз ушул сыяктуу болушу керек:

    Функциялар чакырыгы

/en/tr_ky-excel-2016/-basic-tips-for-working-with-data/content/