Excel 2016 Негиздери: Уячаларды форматтоо (Formatting Cells)

Lesson 7: Уячаларды форматтоо (Formatting Cells)

/en/tr_ky-excel-2016/-modifying-columns-rows-and-cells/content/

Уячаларды форматтоо

Алдын ала бардык уяча мазмуну бирдей форматтоону колдонот, ошондуктан көп маалыматы бар иш китепти окуш оор болуп калат. Жөнөкөй форматоо менен иш-китебиңизди иреттеп аласыз, ошондо мазмунy окуу жана түшүнүү жеңил болуп калат.

Кошумча: Биздин практикалык иш-китебибизди көчүрүп алыңыз.

Excel уячаларын форматтоо жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Арип көлөмүн өзгөртүү үчүн:

  1. Сиз каалаган уячаны тандаңыз.
    Уячаны тандоо
  2. Башкы өтмөктөн, жайылма жебени чыкылдатып, анан каалаган ариптин көлөмүн тандаңыз. Биздин мисалда, биз текст чоңураак көрүнүшү үчүн 24 тандап алабыз.
    Ылдый түшкөн менюда арип көлөмүн тандоо
  3. Тексттин өлчөмү өзгөрөт.
    Тандалган уячада эми ири көлөмдөгү арип

Ошондой эле Арип өлчөмүн чоңойтуу же кичирейтүү буйруктарын колдонуп же баскычтоптон каалаган өлчөмүн киргизсеңиз болот.

Каалаган арип тандап, баскычтын арип көлөмүн чоңойтуу жана кичирейтүү.

Арипти өзгөртүү үчүн:

Алдын ала, ар бир жаңы иш-китебинде Calibri ариби орнотулат. Бирок, Excel башка көптгөн ариптерди колдонууга шарт түзөт. Төмөндөгү мисалда биз теманын арибин форматтайбыз. Ал башка тексттен бөлүнүп туруусу керек.

  1. Сиз өзгөртүүнү каалаган уячаны тандаңыз.
    Уячаны тандоо
  2. Башкы өтмөктөн ылдый түшкөн жебени чыкылдатып, каалаган арипти тандаңыз. Биздин мисалда, биз Century Cothic арибин тандап алабыз.
    Ылдый түшкөн менюдан арип тандоо
  3. Текст тандалган арипке өзгөрөт.
    Тандалган уячаны башка арип кылыңыз.

Иш-китебин түзүүдө, аны жеңил окугандай арип тандашыңыз керек. Calibri менен бирге, стандарттуу ариптер: Cambria, Times New Roman, жана Arial

Арип түсүн өзгөртүү үчүн:

  1. Сиз өзгөртүүнү каалган уячаны тандаңыз.
    Уячаны тандоо
  2. Башкы өтмөктөн ылдый түшкөн жебени басып, анан каалаган түстү тандаңыз. Биздин мисалда, биз жашыл түстү тандап алабыз.
    Ылдый түшкөн менюдан түс тандоо
  3. Текст тандалган тексттин түсүнө өзгөрөт.
    Тандалган уячада азыр башка түс

Кошумча түс параметрлерине мүмкүнчүлүк алуу үчүн менюнун ылдый жагынан Көбүрөөк Түстөрдү Тандаңыз. Арип түсүн биз жаркын кызгылт түсүнө өзгөртүп койдук.

Көбүрөөк түстөрдү тандоо.

Кара, Курсив жана асты чийилген арипти колдонуу үчүн:

  1. Сиз өзгөртүүнү каалаган уячаны тандаңыз.
    Уячаны тандоо
  2. Караны (B), Курсивди (), же Асты чийилген(U арип буйруктарын Башкы өтмөктөн чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз тандаган уячаларды кара арип кылабыз.
    Кара текст баскычын басуу
  3. Тандалган стиль текстте колдонулат.
    Тандалган уяча азыр кара арипте

Ошондой эле, сиз баскычтоптон Ctrl + B (Кара арип), Ctrl + I (Курсив) Ctrl + U (Асты чийилген арип) баса аласыз.

Уяча чектери жана түстөр менен толтуруу

Уяча чектери жана түстөр менен толтуруу аркылуу иш-китепте сиз чеги бар секцияларды жасай аласыз. Төмөндө биз уячаларга чек кошуп, жогорку уячаларды башка түс менен толтурабыз.

Түс менен толтуруу үчүн:

  1. Сиз каалаган уячаны тандаңыз.
    Уячаны тандоо
  2. Башкы өтмөктөгү ылдый түшкөн жебени басыңыз, анан каалаган түсүңүздү тандаңыз. Биздин мисалда, биз кочкул боз түсүн тандап алабыз.
    Ылдый түшүү менюну түс менен толтуруу
  3. Тандалган толтуруу түсү тандалган уячаларды пайда болот. Биз, ошондой эле, бул караңгы толтуруу түсүндө жакшы көрүнүшү үчүн ариптин түсүн ак кылып коёбуз.

    Толтуруу түсү тандалып алынган уячаларга колдонулду

Чек кошуу үчүн:

  1. Сиз каалаган уячаларды тандаңыз.
    Уячаларды тандоо
  2. Башкы өтмөктөн ылдый түшкөн жебени чыкылдатып, сиз каалаган чек стилин тандаңыз. Биздин мисалда, биз бардык чектерди белгилөөнү тандап алабыз.
    Ылдый түшүү менюнун чектери
  3. Тандалган чек стили пайда болот.
    чек тандалган уячаларга колдонулган

Сиз чектерди түзүп жана сызык стилин жана чек түстөрүн Draw Borders куралдары менен өзгөртө аласыз.

Чектерди Тартуу суб-менюсу

Уяча стилдери

Кол менен уячаларды форматоонун ордуна, сиз Excel'дин алдын ала дизайндалган стилдерин колдоно аласыз. Уяча стилдери аркылуу иш-китептин каалаган жерине профессионалдуу жасалган форматтоолорду кошууга болот.

Уяча стилин колдонуу үчүн:

Биздин мисалда, биз азыр бар аталыш жана жогорку колонтитул уячаларына жаңы уяча стилин колдонуп көрөбүз.

  1. Сиз каалаган уячаларды тандаңыз.
    Уячаларды тандоо
  2. Башкы өтмөктөн Уяча Стилдери менюсун чыкылдатып, ылдый түшкөн менюдан каалган стилди тандап алыңыз.
    Уяча стилдеринин ылдый түшкөн менюсу.
  3. Тандалган уяча стили пайда болот.
    Тандалган уячага уяча стилдери колдонулду

Уяча стилин колдонуу менен азыр бар уяча форматын өчүрүп салууга болот. Мурунтан эле иш-китебиңизде көп форматтоону колдонсоңуз, анда уяча стилдерин колдонбогонуңуз жакшы.

Текстти тегиздөө

Алдын ала, иш-китебиңиздеги текст уячанын сол жагына, ал эми сандар оң жагына жайгашат. Уячадагы текстти тегиздөө менен уячада мазмун кандай көрүнөөрүн, жана анын окулушу кандай болоорун көрсө болот.

Төмөнкү слайд-шодагы жебелерди чыкылдатып, текстти тегиздөө тууралуу көбүрөөк билиңиз.

  • Excel 2013-скриншоту

    Сол жагына тегиздөө: Уячанын сол чегине мазмун жайгашат.

  • Excel 2013-скриншоту

    Борборго тегиздөө: уячанын мазмуну уячанын сол жана оң чегинен бирдей аралыкта турат.

  • Excel 2013-скриншоту

    Оң жакка тегиздөө: Мазмуну уячанын оң жагына тегиздейт.

  • Excel 2013-скриншоту

    Жогору жагына тегиздөө: Уячанын жогорку чегин көздөй тегиздейт.

  • Excel 2013-скриншоту

    Уячанын жарымына тегиздөө: Мазмун уячанын жогорку жана төмөнкү чегинен бирдей аралыкта турат.

  • Excel 2013-скриншоту

    Уячанын төмөн жагына тегиздөө: Мазмунду уячанын төмөн жагына тегиздейт.

Туурасынан жайгашкан текстти өзгөртүү үчүн:

Төмөндө биздин мисалда, биз аталыш уячасынын текстин тегиздеп, аны жакышртып жана иш-кагазда көрүнүп тургудай кылып оңдойбуз.

  1. Сиз каалаган уячаны тандаңыз.
    Уячаларды тандоо
  2. Башкы өтмөктөгү тегиздөө буйруктарынын бирин тандаңыз. Биздин мисалда, биз борборго тегиздөөнү тандап алабыз.
    тегиздөө буйрук баскычтары
  3. Текст борборго жылат.
    Тандалган уячалар эми борборго тегиздөө

Тик текст тегиздөөсүн өзгөртүү үчүн:

  1. Сиз каалагануячаларды тандаңыз.
    Уячаларды тандоо
  2. Башкы өтмөктөн тигинен тегиздөө буйруктарынын бирин тандаңыз. Биздин мисалда, биз Ортосунан тегиздөөнү тандап алабыз.
    тегиздөө буйрук баскычтары
  3. Текст уячанын ортосунан тегизделет.
    Тандалган уячалар ортого тегизделди.

Сиз ар бир уячага тик жана түз тегиздөөлөрдү колдоно аласыз.

Өзүңүздү текшериңиз!

  1. Биздин практикалык иш-китебибизди ачыңыз.
  2. Иш-китептин төмөнкү-сол жагындагы Challenge иш-китебин чыкылдатыңыз.
  3. А2:H2 уячаларынын уяча стилин Accent 3 кылып өзгөртүңүз
  4. 1-36 саптарындагы тексттин арип көлөмүн азайткыла, калгандарынын көлөмү 18 болсун.
  5. 2-саптагы тексттин алдын чийин, кара арип кылып белгилегиле.
  6. 1-саптын арибин каалган арибиңизге өзгөртүңүз.
  7. Сиз тандаган башка ариптер менен калган саптарды өзгөртүңүз.
  8. 1-саптын текстин сиз каалаган түскө өзгөртүңүз.
  9. Иш-барактагы тексттин барын тандап, горизонталдуу тегиздөөнү борбор кылып, жана тигинен тегиздөөнү ортосунан кылып өзгөртүңүз.
  10. Бүткөндөн кийин, сиздин иш-китебиңиз ушул сыяктуу болушу керек:

    Уячаларды форматтоо боюнча чакырык

/en/tr_ky-excel-2016/-number-formats/content/