Excel 2016 Негиздери: Табуу жана алмаштырууну колдонуу (Find & Replace)

Lesson 10: Табуу жана алмаштырууну колдонуу (Find & Replace)

/en/tr_ky-excel-2016/-multiple-worksheets/content/

Табуу жана алмаштырууну колдонуу

Excel'де көп маалымат менен иштегенде белгилүү бир маалымат табууга кыйын жана табыш үчүн көп убакыт талап кылынышы мүмкүн. Сиз иш-китептин ичинде маалымат табуу үчүн Табуу функциясын колдонсоңуз болот, ал функция менен мазмунга Алмаштыруу функциясы менен өзгөртүүлөрдү киргизе аласыз.

Кошумча: Биздин практикалык иш-китебибизди көчүрүп алыңыз.

Табуу жана алмаштырууну колдонуу жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Мазмунду табуу үчүн:

Биздин мисалда, биз бул тизмеде белгилүү бир бөлүмдү табуу үчүн Табуу буйругун колдонобуз.

  1. Башкы өтмөктөн Табуу жана Тандоо буйругун чыкылдатыңыз, анан менюдан Табуу буйругун тандаңыз.
    Табуу функциясын тандоо
  2. Табуу жана Алмаштыруу диалог кутучасы пайда болот. Тапкыңыз келген мазмунду киргизиңиз. Биздин мисалда, биз бөлүмдүн атын жазабыз.
  3. Кийинкисин изде функциясын чыкылдатабыз. Эгер мазмун табылган болсо, ошол мазмунду камтыган уяча тандалып алынат.
    Мазмунду табуу үчүн Кийинкини табууну чыкылдатыңыз.
  4. Кийинкини Табуу же Барын Табуу функцияларын колдонуп, ошол сөздү камтыган натыйжалардын барын караңыз
    Бардыгын Табууну тандоо менен ар бир жыйынтыкты карап чыгуу.
  5. Бүткөндөн кийин Табуу жана Алмашытруу диалог кутусун жабыңыз.
    Диалог кутусун жабуу

Сиз ошондой эле баскычтоптон Ctrl + F басуу менен Табуу буйругун иштете аласыз.

Көбүрөөк издөө жөндөөлөрүн көрүү үчүн Параметрлер функциясын чыкылдатыңыз.

Параметрлерди чыкылдатып, алдыңкы издөө критерийин көрүү


Уяча мазмунду алмашытруу үчүн:

Кээде, сиз иш-китебиңизде абдан көп жолу ката кетиргениңизди байкайсыз (Мисалы бирөөнүн атын туура эмес жазгансыз) же бир сөз, фразаны башка менен алмаштырышыңыз керек болот. Сиз Excel'дин Табуу жана Алмаштыруу функциясын колдонуп, тез кайра карап чыксаңыз болот. Биздин мисалда, биз Табуу жана Алмаштыруу функциясын колдонуп, бөлүм аттарын оңдоп чыгабыз.

  1. Башкы өтмөктөн Табуу жана Тандоо буйругун чыкылдатыңыз жана менюдан Алмашытрууну тандаңыз.
    Менюдан Алмаштырууну тандоо
  2. Табуу жана Алмаштыруу диалог кутучасы пайда болот. Табуу талаасына сиз издеп жаткан текстти киргизиңиз.
  3. Алмаштыруу талаасына сиз кайсы текст менен алмашытргыңыз клеген екстти териңиз да Кийинкини Табууну чыкылдатыңыз.
    Кийинкини табууну чыкылдатуу
  4. Эгер мазмун табылса, ал мазмунду камтыган уяча тандалат.
  5. Текстти карап чыгып, аны алмаштыруу керекпи, ойлонуңуз.
  6. Эгер аны алмаштыргыңыз келсе, алмаштыруу параметрлеринин бирин тандаңыз. Эгер Алмаштырууну танасаңыз ал бир гана уячада алмашытрат, ал эми Барын Алмаштыруу аркылуу иш-китептеги бардык ошол сөздү камтыган жерлердин барынын мазмуну алмаштырылат. Биздин мисалда, биз убакытты үнөмдөө үчүн бул параметрди тандайбыз.

    Барын алмашытрууну чыкылдатуу

  7. Диалог кутусу пайда болот, алмашытыруулардын санын көрсөтөт. Улантуу үчүн ОК басыңыз.

    Макулду чыкылдатуу
  8. Тандалган уяча мазмуну алмаштырылат.

    Тандалган мазмун алмаштырылды
  9. Бүткөндөн кийин, диалог кутусун жаап коюңуз.
    Диалог кутусунан чыгуу үчүн жабууну чыкылдатуу

Жалпысынан алганда, Барын алмаштырууну этият колдонуш керек, анткени ал барын алмаштырып салат, сиз каалабаган нерсени да алмашытырп коюшу ыктымал. Эгерде сиз бул функцияны колдонсоңуз өзүңүзгө ишенишиңиз керек.

Өзүңүздү текшериңиз!

  1. Биздин практикалык иш-китебибизди ачыңыз.
  2. Иш-китептин төмөнкү-сол жагындагы Чакырык өтмөгүн чыкылдатыңыз.
  3. Crystal Lewis турмушта болчу жана фамилиясын Taylor кылып өзгөрткөн. Табуу жана Алмаштырууну колдонуп Crystal'дын фамилиясын Lewis'тен Taylor'го алмаштырыңыз. Crystal'дын фамилиясын гана өзгөрткүлө, атын эмес.
  4. Bio'ну таап Biology кылып алмаштыргыла. Biomedical Engineering'ти өзгөртүп албагыла!
  5. Табуу жана Барын Алмаштыруу функциясын колдонуп, Physics'ти Physical Science кылып өзгөрткүлө.
  6. Бүткөндөн кийин, сиздин иш-китебиңиз ушул сыяктуу болушу керек:

    Табуу жана Алмаштыруу чакырыгы

/en/tr_ky-excel-2016/-checking-spelling/content/