Компьютер негиздери: Коопсуз жумуш ордун түзүү (Safe Workspace)

Lesson 18: Коопсуз жумуш ордун түзүү (Safe Workspace)

/en/tr_ky-computer-basics/-protecting/content/

Коопсуз жумуш ордун түзүү

Сиздин компьютерди таза кармагандан тышкары, өзүңүздүн ден-соолугуңузду караганыңыз абдан маанилүү. Компьютерди колдонууда көп кайталанган кыймылдар көп, мисалы, чычканды колдонуу же баскычтоптон терүү. Убакыттын өтүшү менен бул кайталоолор ден-соолугуңузга терс таасирин бериши мүмкүн, өзгөчө, билектерге, моюнга, жана белге таасир берип башташы мүмкүн. Узак убакыт бою монитор карап турган да көзгө таасирин берет. Мындай тобокелдиктерди азайтуу үчүн, сиздин жумуш ордуңуз туура түзүлгөнүн, ыңгайлуу жана ден-соолукка пайдалуу экенин карап көрүүңүз керек.

Ден-соолугуңуз зыян тартпашы үчүн иштөөчү жайларды кантип уюштуруу керектиги жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүздөр.

Оор жаракат алуудан сактангыла

Компьютер эргономикасы - бул жабдуулар дизайны илими, ал илим ар кандай жабдууларды кандай колдонуу керек жана кандай иштеткенде колдонуучуга дискомфорт кылбайт жана канткенде натыйжалуулугу өсөт темаларын изилдейт. Кээ бир жабдуулар эргономика эрежелери менен жасалган, мисалы баскычтоп жана отургучтардын эргономикасы.

Бул жерде сиздин жумуш оруңузда зыян тартпоо үчүн берилген бир нее кеңештер:

  • Отургучуңузду жөнгө салыңыз: Отургучуңузда табигый түрдө, эркин, ыңгайлуу абалда отурганыңызды текшериңиз. Көптөгөн жумуш отургучтары атайын белди колдоо жана жакшы абалда олтуруу максатын көздөйт.
  • Баскычтопту ыңгайлуу бийиктикте кармаңыз: Баскычтопто иштөөдө билектериңиз түз болушу керек, жана ыңгайлуу, эркин жайгашышы керек. Көптөгөн баскычтоптордун астында кармагычы бар, ал баскычтопту ыңгалуу бийиктикте кармайт. Ошондой эле билектердин оорусунун алдын алуучу эргономикалык баскычтоп сатып алсаңыз болот.
  • эргономикалык баскычтоп
  • Чычканды баскычтопко жакын коюңуз: Мүмкүн болсо, чычканды баскычтоптун жанына койгула. Чычкан өтө эле алыс болуп калса, анда ага жетүү кыйын же ыңгайсыз болушу мүмкүн.
  • Мониторду ыңгайлуу дистанцияга койгула: Мониторго чейинки идеалдуу алыстык 50-100 cм болуп саналат. Ошондой эле ал көздүн деңгээлинде, же бир аз төмөн болушу керек.
  • Башаламандан качкыла: Компьютер турган аймак тез эле кагаз, компьютер буюмдарына жана башка нерселерге тезе эле толуп калат. Бул аймакты таза сактоо менен натыйжалуулугуңуз өсөт жана оор жаракат алууңуздан өзүңүздү сактайсыз.
  • Тез-тез эс алып туруңуз: Компьютерде иштөөдө те-тез тыныгуу алып туруңуз. Көздүн чарчоосун болтурбоо үчүн, сиз көзүңүздү монитордон башка жакка буруп турууңуз керек. Ошондой эле ордуңуздан туруп, бир аз ары-бери басууңуз керек, анткени бир ордунда узак убакыт бою отурган зыян. Workrave сыяктуу программалар сизге тыныгуу алууга эскертме берип турат.

Компьютер жумуш ордун түзүү боюнча көбүрөөк маалыматты Эмгектин коопсуздугу жана саламаттык сактоо башкармасынын (OSHA) Компьютер жумуш орунадрынын электрондук куралына кирип окусаңар болот.

/en/tr_ky-computer-basics/-troubleshooting/content/