Компьютер негиздери: Операциялык тутум деген эмне? (Operating Systems)

Lesson 8: Операциялык тутум деген эмне? (Operating Systems)

/en/tr_ky-computer-basics/-mobile/content/

Операциялык тутум деген эмне?

Операцилык тутум компьютерде иштеп жаткан программалардын эң маанилүүсү. Ал компьютердин эс тутумун жана процесстерди, ошондой эле анын программаларын жана аппараттык камсыздоосун баарын башкарат. Ошондой эле компьютердин тилин билбей туруп, аны менен байланышууга мүмкүнчүлүк берет. Операциялык тутуму жок компьютер - пайдасыз.

Операциялык тутутмдар тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Операциялык тутумдун жумушу

Компьютериңиздин операциялык тутуму (ОТ) компьютердеги бардык программа жана аппараттык камсыздоонун барын башкарат. Көпчүлүк учурда, бир эле учурда иштеп жаткан бир нече ар кандай компьютер программалары бар, алардын бардыгына компьютериңиздин борбордук процесстөө бирдигине (CPU), эс тутумуна жана сактагычына мүмкүндүк керек. Операциялык тутум ар бири менен иштешип, ар бир программа эмнеге муктаж болсо - ошону камсыздооого аракеттенет.

Операциялык тутумдун түрлөрү

Эреже катары операциялык тутумдар компьютерге алдын-ала жүктөлүп келет. Көп адамдар компьютер менен чогуу келген операциялык тутумду колдонушат, бирок операциялык тутумду жогорулатып, керек болсо алмаштырса да болот. Жеке компьютерлер үчүн үч жалпы операциялык тутумдар бар: Microsoft Windows, Mac OS X жана Linux.

Азыркы иштеп жаткан операциялык тутумдар графикалык колдонуучу интерфейсин же GUI колдонушат. Бардык нерселер графика жана тексттин комбинациясын колдонуп, экранда ачык чагылдырылат.

GUI терезелери

Ар бир операциялык тутумдун GUI ар башкача көрүнөт жана сезилет, эгерде башка операциялык тутумга өтсөңүз алгач тааныш эмес көрүнүшү мүмкүн. Кантсе да, заманбап операциялык тутумдар колдонгонго ылайыктуу болуш үчүн жасалган, жана алардын жалпы принциптери бирдей.

Microsoft Windows

Microsoft 1980-жылдардын ортосунда Windows операциялык тутумун иштеп чыккан. Көп жылдан бери, Windows'тун ар кандай түрлөрү пайда болду, бирок акыркылары: Windows 10 (2015-жылы чыккан), Windows 8 (2012), Windows 7 (2009), жана Windows Vista (2007). Windows жаңы жеке компьютерлердин көпчүлүгүндө алдын-ала орнотулуп келет, ошондуктан ал дүйнөдөгү эң таанымал операциялык тутум деп саналат.

Windows 7

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн биздин Windows негиздери жана атайын Windows версиялары сабактарыбызды карап көрүңүз.

Mac OS X

Mac OS Apple тарабынан түзүлгөн операциялык тутумдардын топтому. Ал баардык жаңы Macintosh компьютерлеринде, же Mac'тарда алдын ала орнотулуп келет. Бардык акыркы версиялары OS X деп белигилүү (O-S Ten /ОС Тен деп айтылат), ошондой эле El Capitan (2015-жылы чыккан) деген өзгөчө версиясы бар, дагы версиялары: Yosemite (2014), Mavericks (2013), Mountain Lion (2012-ж), жана Lion (2011) .

StatCounter Global Stats боюнча, Mac OS X дүйнө жүзү боюнча операциялык тутум колдонуучуларынын 10 пайызынан азыраагын түзөт. Бул Windows пайдалануучулардын үлүшүнө (80 пайыз) караганда алда канча төмөн. Мунун себептеринин бири Apple компьютерлери кымбатыраак болот. Бирок, көптөгөн адамдар Windows караганда Mac OS X тандашат, себеби аларга көрүнүшү жана колдонуучунун сезими жагат.

Mac OS X Lion

Биздин OS X негиздери жана өзгөчө OS X үйрөткүчтөрүбүздү көбүрөөк маалымат алуу үчүн караңыз.

Linux

Linux (LINN-ux Линакс деп айтылат) ачык коддуу операциялык тутумдар үй-бүлөсү, ал система каалаган түзөтүүчүлөр аркылуу жөндөлүп, дүйнө жүзүнө таркатыла алат. Бул патенттелген Windows сыяктуу программадан айырмаланат, анткени ал программаны компания өзү гана модификациялай алат. Linux артыкчылыктары: ал бекер, жана анын көп ар кандай версиялары бар.

StatCounter Global Stats боюнча Linux колдонуучулары дүйнө боюнча операциялык тутумдардын колдонуучуларынын кеминде 2 пайызын түзөт. Бирок, көпчүлүк серверлер Linux менен иштейт, анткени аны өзгөчөлөштүрүү салыштырмалуу жеңил.

Ubuntu Linux

Linux версиялары тууралуу көбүрөөк билүү үчүн Ubuntu , Linux Mint жана Fedora сайттарын же Linux ресурстарын караңыз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн, MakeUseOf'тун мыкты Linux бөлүштүрүүлөрү тизмесин караңыз.

Уюлдук түзмөктөрдүн операциялук тутумдары

Буга чейин биз караган операциялык тутумдар иш-такта компьютерлеринде жана ноутбуктарда иштөө үчүн жасалган. Мобилдик түзмөктөр, мисалы телефондор, планшет компьютерлери, жана MP3 ойноткучтары ноутбук жана иш-такта компьютерлеринен айырмаланат, ошондуктан өзгөчө мобилдик түзмөктөргө гана арналган операциялык тутумдарда иштешет. Мобилдик операциялык тутумдарына Apple iOS жана Google Android кирет. Төмөндөгү скриншотто сиз iPad'да иштеген iOS көрө аласыз.

Apple iOS менен иштеген iPad скриншоту

Мобилдик түзмөктөрдүн операциялык тутумдары негизинен ноутбук жана иш-такта компьютерлериндегидей толук функионалдуу эмес, алар бардыгы бирдей программаларды иштете албайт. Ошентсе да, алар менен көп нерсе кылсаңыз болот, мисалы кино көрөсүз, Интернетти серептейсиз, календарыңызды башкарасыз жана оюндарды ойной аласыз.

Мобилдик операциялык тутумдары тууралуу көбүрөөк билүү үчүн Мобилдик түзмөктөр сабактарыбызды карай аласыз.

/en/tr_ky-computer-basics/-applications/content/