Компьютер негиздери: Компьютердин негизги бөлүктөрү (Basic Parts)

Lesson 3: Компьютердин негизги бөлүктөрү (Basic Parts)

/en/tr_ky-computer-basics/-what-is-a-computer/content/

Киришүү

Компьютердин негизги бөлүктөрү компьютер кап, монитор, клавиатура, чычкан жана электр зымы. Ар бир бөлүгү компьютерди колдонгондо маанилүү ролду ойнойт.

Такта компьютеринин негизги бөлүктөрү жөнүндө үйрөнүүгө төмөндөгү видеону көр.

Компьютер кап

Компьютер кабы

Компьютер кабы метал жана пластиктен кутуча болуп курулуп анын ичинде негизги компьютердин бөлүктөру Motherboard, борбордук иштетүү бирдиги (CPU) жана электр камсыздандыруусу жайгашкан. Каптын бетинде адатта, On / Off баскычтары жана бир же бир нече оптикалык дисктер жайгашкан.

Компьютер каптары ар кандай түрдө жана өлчөмдөрдө келет. Такта кабы иш столуна жалпак жайгашып, анын үстүнө монитор отурат. Компьютер кабы узун жана монитордун жанына же жерге коюлат. Баардыгы бир-ичинде компьютерлердин ички компоненттери монитордун ичинде камтылып, бөлөк капка жайгаштыруунун кажети жок болуп калат.

Монитор

Монитор

Монитор компьютер капта жайгашкан видеокарта менен иштейт, ал текст жана сүрөттөрдү көргөзөт. Көпчүлүк мониторлор башкаруу баскычтарын камтыйт, алар монитордун дисплейин жөндөөнү өзгөртө алат, кээбир мониторлор ичинде камтылган динамик колонкалары менен болот.

Жаңы мониторлор адатта LCD (суюк кристаллдык дисплей) LED (жарык чыгаруучу диод) аркылуу көрсөтөт. Алар абдан ичке, көп учурда жалпак -панелдүү дисплей деп аталат. Мурунку мониторлор CRT (катод түтүкчөсү) экранды колдонгон. CRT мониторлор чоң жана оор, алар көбүрөөк орунду ээлейт.

Клавиатура (Баскыч)

Клавиатура компьютер менен байланышуунун эң маанилүү интструменттеринин бири болуп саналат. There are many different types of keyboards, but most are very similar and allow you to accomplish the same basic tasks. Баскычтын ар түрлөрү көп, бирок көпчүлүгү окшош жана жөнөкөй тапшырмаларды аткара алат.

Клавиатуранын ар кандай бөлүктөрүн үйрөнүү үчүн төмөндөгү интерактивдидин баскычтарын баскыла.

түзөтүү хоспоттор түзөтүү хоспоттор түзөтүү хоспоттор Клавиатура/баскыч

Эгер сиз басып-терүү ыкмасын үйрөнгүңүз келсе, анда биздин акысыз Терүү сабагын көрүңүздөр.

Компьютер чычканы

Компьютер чычканы

Компьютер чычканы компьютер менен байланышта дагы бир маанилүү инструменттердин бири болуп саналат. Адатта, ал көрсөтүү инструменти болгондуктан, чычкан экрандагы объекттерди көрсөтүп, аларды басып, жылдыра алат.

Чычкандын негизни эки түрү бар: оптикалык жана механикалык. Оптикалык чычкан кыймылды аныктоо үчүн электрондук көз колдонот жана тазалоо үчүн жеңил болот. Ал эми механикалык чычкан кыймылды аныктоо үчүн топ колдонот жана тийиштүү түрдө иштеши үчүн, аны дайыма таза кармоо керек.

Компьютер чычканынын колдонуунун негизин үйрөнгүңүз келсе, биздин интерактивке баш багыңыз.

Компьютер чычканынын башка түрлөрү

Чычкан аткара тургандай эле башка инстурменттер бар. Көпчүлүк аны колдонууга оңой жана иш столунда орунду аз ээлейт дешет. Чычкандын башка түрлөрү төмөндө:

  • Түргүч: түргүч эркин айланып турган топ. Чычканды жылдыруунун ордуна, топту гана түрүп жылдырсаңыз болот.
    Түргүч топ чычканы
  • Тачпад: ал сенсордук, сиз сөөмөй менен экранды башкара аласыз, ал эмес сүрөт тартсаңыз болот. Тачпаддар лаптоп компьютерлеринде көп кездешет.
    Лаптоп тачпады

/en/tr_ky-computer-basics/-buttons-and-ports/content/